Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Ооганстан пакистандык саясатчыларды сындады


Ооганстандын тышкы иштер министрлиги пакистандык саясатчылардын Ооганстандагы кармашты "жихад" деп атоосу туура эмес деп сындады. Пакистандын оппозициялык "Адилеттүүлүк үчүн" кыймылынын лидери Имран Хан өткөн аптада Ооганстанда "чет өлкөлүк оккупацияга каршы күрөшүп аткан адамдарды жихадчыларга" теңеген. Ооган тышкы мекемесинин маалымат катчысы Жанан Мусазай Хандын комментарийин өтө кооптуу жана маскаралоочу деп сыпаттады.

13-октябрда президент Хамид Карзай пакистандык бир катар жогорку саясий жана диний лидерлерге кайрылып, эки өлкөдө тең экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүгө үндөгөн. Кат жолдонгондордун арасында Хан да бар болчу.

XS
SM
MD
LG