Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Медициналык-социалдык жардам көрсөтүү маселеси талкууланат


“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы элдин ар кайсы катмарына мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-социалдык жардам алуудагы көйгөйлөр боюнча бүгүн видео-жыйын өткөрөт. Видео-жыйынга Бишкек, Ош, Нарын жана Талас шаарлары катышат. Анда майып адамдардын жыл сайын өтүүчү медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан өтүүдөгү кездешүүчү кыйынчылыктар, медициналык кызмат үчүн төлөнүүчү акыны ыңгайлаштыруу маселелери каралмакчы.

Өлкөнүн социалдык мыйзамдарына ылайык, майып адамдар жыл сайын майыптыгын далилдеген медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан өтүүгө тийиш. Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укугун коргоочу уюмдар мындай комиссиядан өтүүдө майыптар түрдүү кыйынчылыктарга туш болорун айтып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG