Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Евробиримдик Беларус боюнча санкциясын сактайт


Шаркеттин тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы кечээги жыйынында айтылгандай, санкциялар азыр бир нече себептен, анын ичинде “саясий айыпкерлердин баары бошотулбаганына, бошотулгандары актала электигине байланыштуу да” жоюлбайт. Уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон:

- Биздин Беларус менен эки тараптуу мамилебиздин өнүгүшү адам укуктары, демократия жана мыйзам үстөмдүгү жаатындагы прогресске көз каранды. Ага дейре биздин саясат өзгөрбөгөн бойдон калат. Андыктан биз чектөөчү чараларды дагы бир жылга узарттык.

Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Беларустун өкмөтүн “жарандык коомду, саясий оппозицияны, көз карандысыз маалымат каражаттарын кодулоону токтотууга” кайрадан чакырды.

Биримдик буга чейин беларус бийлигине байланышы бар 243 адамга жана 32 ишканага санкция киргизген. Ал чектөөлөрдүн мөөнөтү 2013-жылдын октябрына чейин узартылды. (UE)

XS
SM
MD
LG