Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Лейлекте сел жүрдү


Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында кечээ түштөн кийин катуу жааган жаандан кийин сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Андарак айылында жамгырдын кесепетинен жүргөн селдин айынан каналдын суусу жээктен ашып кеткен. Андарак айылында 14 турак үйдүн чарбагын сел каптаган. Каналды тазалоого 1 жеке менчик экскаватор тартылып, суунун нугу сел агуучу сайга бурулган.

Таңга жуук катуу жааган жамгырдын кесепетинен Калта-Кол айылында “Хундай-Портер” автоунаасын сел суусу агызып кеткен. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сүлүктү шаарындагы куткаруучулары барып, унааны сайдан чыгарып беришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG