Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Талас: Маймак темир жол бекети кайра ачылат


Таластагы Маймак темир жол бекети кайра ачылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган бекетти жакын арада ачуу тууралуу чечим кабыл алынганы дипломатиялык каналдар аркылуу маалым болду.

Маймак аркылуу Талас облусун дүйнө менен байланыштырган жападан жалгыз темир жол өтөт. Казакстандын Бажы биримдигине мүчөлүгүнө байланыштуу бул бекет быйыл августта жабылып, өстүргөн төөбуурчагын ташый албаган таластык дыйкандар бир топ кыйналганы айтылган. Алар товарын Өтмөк аркылуу Бишкекке ташууга мажбур болгон. (ST/RK)

XS
SM
MD
LG