Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Жалал-Абадда нааразылык акциясы өтүүдө


Ушу тапта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында нааразылык акциясы өтүүдө. Анын катышуучулары "Ата-Журт" партиясынын камакка алынган лидерлеринин бошотулушун талап кылып жатат. Кабарчыбыздын айтымында, митингге катышканы келгендердин арасында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Ата-Журт" фракциясынан депутат Ахматбек Келдибеков жана өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьери Камила Талиева бар.

Камила Талиева өз сөзүндө бул жерге элдин талабын угуп, өкмөткө жеткирүү үчүн, ачкачылык жарыялагандардын абалы менен таанышуу үчүн келгенин айтты.

Ахматбек Келдибеков камалган партиялаштарынын сыртка чыгып кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде абактан бошотулушун мыйзамдуу жолдор менен талап кылуу улана берээрин билдирди.

Ал эми Адахан Мадумаров эгерде камалган атажуртчулардын аракети мыйзам бузуу катары баалана турган болсо, анда 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке келгендердин да жоопкерчилигин карап чыгуу керек деген оюн айтты.

Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, чогулган элдин саны 3-4 миң адам. Милициянын эсеби боюнча, 1,5 миңден ашык адам турат. Ал эми көз каранды эмес байкоочулардын билдиргенине караганда, митингге 2,5 миңден адам келди.

3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында Кумтөр маселеси боюнча өткөн митинг парламенттин темир тосмосунан ашып түшүү менен аяктап, бийликти басып алууга аракет болду деген шек менен аталган акциянын айрым катышуучулары УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Алар - оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, митингди алып барган коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев менен “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов жана Камчыбек Ташиевдин эки жансакчысы. Тергөө аяктай элек.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин бийликке келген саясатчылар бийликти басып албаганын, ал күнү баары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта жатканын, "Ак үйдүн" алынышына элдин нааразылыгы себеп болгонун айтып келет. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG