Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Анна Политковскаянын өлтүрүлүшү боюнча беш адамга айып тагылды


Орусиянын Тергөө комитети бүгүнкү билдирүүсүндө “журналистти өлтүргөн болушу мүмкүн деп беш адамга жүргүзүлгөн иликтөө иштери аяктаганын” кабарлады. Сөз бир туугандар Рустам, Ибрагим жана Жабраил Махмудовдор, ошондой эле Сергей Хаджикурбанов менен Лом-Али Гайтукаев жөнүндө болуп жатат.

Комитеттин расмий өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, "журналистти өлтүрүш үчүн киллерди ким жалдаганын” иликтөө дале улантылууда.

“Новая газета” басылмасынын кабарчысы Анна Политковскаяны 2006-жылы 7-октябрда Москвадагы үйүнө кире бериште атып кетишкен. Ал Чеченстандагы согуш боюнча Владимир Путиндин ачык сынчысы катары белгилүү болчу.

XS
SM
MD
LG