Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Дүйнөдө уюшкан кылмыштуу топтордун жылдык кирешеси 870 млрд. долларды түзөт


Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Маңзаттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн төрагасы Юрий Федотов билдирди. “Миллиондогон адамдар ушул топтордун курмандыгына айланууда”, - деди ал Венада эл аралык кылмыштуулук боюнча өткөн конференцияда. Алардын ичинде аялдар менен балдар сексуалдык кулчулук үчүн сатылып жатканын, маңзаттардын мыйзамсыз сатылышынан канчалаган адамдар жакындарынан айрылып калышканын да айтты. Федотов кылмыштуу топтор жаңы шарттарга тез ыңгайлашып жатышканын, өзгөчө алар мыйзамдуулук сакталбай, мамлекеттик институттар начар иштеген өлкөлөрдө активдүү экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG