Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Эл жазуучусу Казат Акматов 70 жашка чыкты


Эл жазуучусу Казат Акматовдун 70 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жазуучулар союзунан билдиришти. Маараке 27-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтмөкчү.

Эл жазуучусу 1942-жылы Көлдүн Боз-Тери айылында жарык дүйнөгө келген. 15ке жакын китептин, 6 романдын автору. “Эки сап өмүр” аталыштагы тунгуч чыгармасы 1978-жылы Николай Островский атындагы бүткүл союздук адабий сыйлыкты жеңип алган.

Казат Акматов учурда “Матриархат” аттуу жаңы роман жазып жатат. Анда адам баласынын байыркы доордогу социалдык турмушу баяндалат. Бул тууралуу “Азаттык” жазуучунун өзү менен байланышканда кабардар болду. (ST/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG