Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкекке жөө жүрүш жасашат


“Садыр Жапаровду коргоо комитетинин” башчысы Кеңешбек Жумабаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алар бүгүн Балыкчыдан Бишкекке жөө чыгышмакчы. Жумабаевдин маалымдашынча, алар Жапаровдун баш коргоо чарасын карай турган соттук териштирүүгө катышууну көздөшөт.

Кечээ Түптөн Балыкчыны көздөй жөө жүрүш менен 60тай киши чыккан. Алар Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатышат.

“Ата Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаров 3-октябрда Ак үйдүн алдында болгон тополоңдуу митингден кийин кармалып, камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген беренелердин негизинде кылмыш иши козголгон. (MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG