Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Грузин президенти болочок премьердин жарандыгын калыбына келтирди


Михаил Саакашвили “Грузин кыялы” коалициясынын лидери Бидзина Иванишвилинин жарандыгын калыбына келтирүү боюнча жардыкка кечээ кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жардык Иванишвилинин француз жарандыгы токтотулар замат күчүнө кирет.

Иванишвили буга чейин француз жарандыгынан баш тарткан, бирок француз бийликтери бул маселе анын грузин жарандыгы калыбына келгенден кийин гана чечилерин билдиришкен.

Иванишвили грузин жарандыгынан былтыр жыл соңунда анын француз паспорту бар экендиги ачыкка чыкканда кол жууган эле. Жарандыгынын калыбына келиши эми ал премьер-министрликке дайындалышына жол ачууда. “Грузин кыялы” коалициясы ай башындагы шайлоодо Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймыл" партиясын утуп алган. (UE)

XS
SM
MD
LG