Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Апта: Ачкачылык, АКШ М. Бакиевди бер деди


Депутаттардын камалышы боюнча нааразылык акциялар уланууда. Өкмөт келерки жылдын бюджет долбоорун жактырды. АКШнын Максим Бакиев менен кандай эсеби бар?

Очогу Жалал-Абадда орун алган нааразылык акциялары узап бараткан жумада башка региондорго да жайылды. Камчыбек Ташиевдин жана генерал Кубатбек Кожоналиевдин ден соолугу кескин начарлап, ооруканага жаткырылды.

Маалыматка караганда, Камчыбек Ташиев 17-октябрдан тарта суу да ичпеген ачкачылык жарыялаганга байланыштуу абалы оорлошуп, УКМКнын ооруканасына которулду. Кубатбек Кожоналиевдин кан басымы кескин көтөрүлүп, Улуттук кардиология клиникасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылды.

УКМКнын маалымдоосуна караганда, Ташиев жана Кожоналиевдин абалы туруктуу.

19-октябрда Кожоналиевдин ондогон тарапкерлери Ак үйдүн алдына пикетке чыгышып, генералга боштондукту талап кылышты. Нааразылык акциясына Нарында Нариман Түлеевдин, Ысык-Көлдө Садыр Жапаровдун тарапкерлери чыгышты.

10-октябрь, 2012-жыл
10-октябрь, 2012-жыл
Жапаровду коргоо комитетинин төрагасы Кеңеш Жумабаев Кубакы ашуусуна токтоп, мына ошол жерде нааразылык акциясын өткөрүүгө камданып жатышканын билдирди:

- Эки боз үй тигип, уюштуруу иштерин ушул жерден баштап жатабыз. Дүйшөмбү күнү Жапаровдун ишин карайт дешти. Биз эми ишемби, жекшемби күндөрү адамдарды топтойбуз. Азыр эки боз үй, бир чатыр тиктик.

Мына ошентип Кумтөргө байланыштуу митинг жана андан кийинки камакка алуулар өлкөдөгү кырдаалга таасирин тийгизди.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кайрылуу менен чыгып, анда чыңалган кырдаалды үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиш мүмкүндүгүн эскертти. Өзгөчө бул нерсе июнь коогалаңын башынан өткөргөн Ош, Жалал-Абад үчүн кооптуу экенин мэр белгилеген.

Бийлик өз кезегинде абалдан чыгуу үчүн мыйзамдуулукту сактоо керектигин, баарын сот чечерин айтууда. КСДПнын өкүлү, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков сабырдуулукка чакырып, маселенин мыйзам чегинде чечилишин күтүүгө чакырды.

Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Орозбек Молдалиев нааразылык акциясына чыккандарды бийлик кабыл албай жатат дегенди төгүндөп чыкты:

- Үч депутаттын камалышы боюнча жана башка митингдин катышуучуларынын камалышы боюнча кайрылгандардын баарын президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев кабыл алып, сүйлөшүп, маселелерди алар менен чечип жатат. Ошон үчүн каралбай койду, көңүл бурулбай койду деген ойлордон алысмын. Экинчиден, маселени сот чечсин деген позицияда турабыз.

Бирок нааразылык акциясына чыккандар алардын өкүлдөрүн мамлекет башчысы кабыл албаганына капа болууда.

3-октябрдагы митингден бир көрүнүш
3-октябрдагы митингден бир көрүнүш
Президент өз кезегинде командасын илең-салаң калтырбоону чечип, бир катар кадрдык дайындоолорду жүргүздү. Маселен, президенттик аппараттын башчысы милдетин аткарып келген Данияр Нарынбаев аппарат башчы болуп бекитилди. Ал эми Икрамжан Илмиянов анын биринчи орун басарлыгына дайындалды. Мамлекет башчынын маалымат саясаты боюнча кеңешчилигине Абдил Сегизбаев бекитилди.

Ал эми оппозиция лидерлери Жалал-Абадда митингге катышып, камактагыларды бошотуу талабын коюшту. "Ата Журттун” лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков партиялаштарын мыйзамдуу жол менен бошотулбаса, элдин күчү менен бошотуларын эскертти:

- Саясий, мыйзамдуу жол менен иш алып барып жатабыз. Эгерде ошол мыйзамдуу жол натыйжа бербесе, эч айлабыз калбса, экинчи жол бар. Бул элди көтөрүп, элдин күчү менен бошотуу.

Азырынча Жогорку Сот эки тарапты ачык тирештирүүгө жеткирбей, баарын канааттандырган чечим кабыл алат деген үмүт жашап турат. Жогорку Сот абактагы депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин келерки жумада карашы күтүлүүдө.

Өкмөттү бюджет санаага салат

Өткөн жумада өкмөт жыйын куруп, өлкөдөгү экономикалык абалды, келерки жылдын бюджетин карады. Андагы маалыматка караганда, келерки жылдын бюджетинин кирешеси 85 млрд. 544 млн. сом, чыгашасы 102 млрд. 978 млн. сом, тартыштыгы 17 млрд. 433 сом деп жактырылды.

Ал эми экономиканын өсүш маселесине келгенде, үч варианттагы сценарий каралып жатканын экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев билдирди. Маселен, келерки жылы экономикада терс жараяндар күчөп кетсе, ички дүң продукция 5.9% өсөт. Ал эми базалык сценарий боюнча 7%, оптимисттик вариантта ИДП 10% чейин өсөт.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров келерки жылы финансылык абал жеңил болбойт дейт. Анын айтымында, абалды өткөн жылдары чыгарылган кыска мөөнөттүк баалуу кагаздар да оорлотот:

- 2010-2011-жылдары ошол кезде иштеп жаткан кыргыз өкмөтү ички карызды аябай көбөйтүп жиберди. 11 млрд. сомдон ашуун баалуу кагазды 28-29% үстөгү менен ички инвестор, банктарга жайгаштырып, мына ошонун кесепетин 2013-жылы көргөнү турабыз. Эки жылдык мөөнөт менен баалуу кагаздар чыгарылган. Эми дагы 11 млрд. 40 млн. сомдук баалуу кагаздарды чыгарып, ошондон тапкан акчанын 11 млрд. сомун карызды төлөөгө беребиз. Мындай оор абал Кыргызстанда болуп көргөн эмес.

Акылбек Жапаров ошондой эле кирешелүү ишкана, тармактарда коррупция мурдагыдай эле орун алып, миллиарддаган акчалар мамлекеттин чөнтөгүнө эмес, жеке чөнтөктөргө кетип жатканын кошумчалады. Маселен, Транзиттик борборго күйүүчү май ташууда абал өзгөргөн эмес. Тагыраак айтканда, бюджетке төлөмдөр өтө аз бойдон калууда.

Бирок өкмөттү быйылкы жылдагы финансылык абал оор түйшүккө салууда. 23 млрд. сомдук тартыштыкты кыскартуу үчүн өкмөт 3 млрд. 400 млн. сомду секвестирлөөгө барды. Мындай кыскартууларга нааразылыгын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атаханов жашырган жок. Бирок өкмөт башчы бул аргасыз кадамдар экенин белгиледи.

Жогорку жакта мына ушинтип бюджет үчүн “чабыш” жүрүп жатса, карапайым калкты нанга баанын кескин көтөрүлүүсү түйшүккө салууда. Жакынкы күндөрү эле 12-13 сомдук бөлкө нандар 17-18 сомго көтөрүлүп, калктын аз камсыз болгон катмарын бейпайга салды. Өкмөт болсо бааларды көзөмөлдөөгө алсыз болуп чыкты. Ага себеп Кыргызстанда быйыл түшүм өтө аз жыйналганы айтылууда. Кырдаалга жараша Казакстан жана Орусияда данга баа көтөрүлүп кетти.

Күйүүчү майга да баа тынымсыз өсүүдө. Кыргызстан Нефтетрейдерлер бирикмесинин төрагасы Жумакадыр Акенеев:

- Азыр баалар көтөрүлүп жатат. Анткени Орусияда баалар көтөрүлүүдө.

Кыргызстанды дээрлик 70% “Газпром” күйүүчү май менен камсыздайт. Бул монополист ишкана каалаган баасын коюп, кырдаалдын кожоюну болууда. Мурунку бийлик учурунда ага атаандаш катары чыгып жактан БНК өңдүү компаниялардын таскагынын басаңдашы да монополисттин пайдасына ойноп жаткандай.

АКШ менен М.Бакиевдин эмне чатагы бар?

Максим Бакиевдин Лондондо АКШнын талабы менен кармалышы Кыргызстанда ар кандай түкшүмөлдөрдү, кызуу талкууларды жаратты. Кыргызстандын тартип коргоо органдары да Максим Бакиевди кайтарып алуу үчүн Британияга кайрылууларды жолдошту. Бирок анын Бишкекке берилиши күмөн экени дароо эле маалым болду. Анткени Британия менен Кыргызстандын ортосунда жарандарды экстрадициялоо боюнча келишим жок. Андан сырткары дүйнөлүк держава болгон АКШ Максим Бакиевди сурап жатканда, анын Кыргызстанга берилиши күмөндүү.

Максим Бакиевдин дал ушул мезгилде кармалышынан геосаясий оюн, максаттарды көргөндөр да жок эмес. Алар АКШ Максим Бакиев билген компроматтар аркылуу азыркы кыргыз бийлигине таасир этип, Транзиттик борбор боюнча соодалашууга барат деген ойду айтууда. Өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов:

- Мындай соодалашуу болушу толук мүмкүн. Анткени учурда дипломатия прагматизмге өтүп, сен мага кандай пайда келтирсең, мен сага ошону жасайм деген форматта болуп жатпайбы. Мындан улам мындай соодалашуу болушу толук мүмкүн.

Бирок Максим Бакиев өзүн коргоо үчүн британиялык мыкты юристти жалдап, 250 миң фунт стерлинг акчаны күрөөгө коюп, үй абагына чыкканы айтылууда. Максим Бакиевдин полицияга чакырылуусуна анын мурунку өнөгү Евгений Гуревичтин Италия полициясына көрсөтмө берүүсү себеп болгону маалымдалды.

Кандай болгон күндө да Кошмо Штаттар үчүн Максим Бакиев менен эсептешип алууга ыңгайлуу шарт түзүлдү. Ал эми эки ортодо эсептеше турган маселе бар.

Маалым болгондой Вашингтон бир кезде Максим Бакиев аркылуу Кыргызстанда ири маселелерди чечкен. Белгилүү “Викиликстин” жазуусуна караганда, ал кездеги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татияна Гфеллер Максим Бакиев менен жакындашуу аркылуу көп маселелерди чечүүгө болоорун билдирген. Дал ошол мезгилде "Манастагы" Транзиттик борбордун тагдыры чечилип жаткан...
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG