Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Муфтияттагы реформа: Чубак ажы эмнеден жаңылды?


Кыргызстан мусулмандар башкармасы – муфтият реформа жасоого белсенүүдө.

"Арай көз чарай" талкуусуна теолог-эксперт Кадыр Маликов, теолог Самаган Мурзубраимов жана Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат катчысы Эсен Өмүракунов катышты.

“Азаттык”: Эмне үчүн бүгүн муфтият реформаланышы керек деген талаптар айтылууда? Сиз муфтият кандай багытта иш алып барса деп ойлойсуз, Кадыр мырза?

Маликов: Муфтиятты реформалоо маселеси мындан беш-алты жыл мурун эле козголуп, ошондон бери уланып келатат. Реформа бүгүн Кыргызстандагы мусулман коомчулугунун, аны менен кошо өлкөнүн биримдигин, туруктуулугун сактоо үчүн бирден-бир маанилүү нерсе.

Ички маселелер менен бирге эле тыштан келүүчү коркунучтар күн өткөн сайын өсүп жатат. Экинчиден, реформаны Кыргызстандагы исламды ырааттуу өнүктүрүү үчүн да жасоо зарыл. Бизде азыр сабаттуу молдолор, теологдор жетишпейт.

Үчүнчүдөн, реформа ошондой эле муфтияттын маанисин – Кыргызстандагы расмий исламдын түркүгү катары аброюн көтөрүү үчүн керек. Реформа жасоо үчүн адегенде муфтияттын, теологдордун саясий эрки, жоопкерчилик сезими болушу керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:







“Азаттык”: Эки апта мурун Кыргызстандагы теологдор муфтиятка өздөрүнүн уставын сунуштады. Самаган мырза, ошол жыйында сиздер муфтиятта системалуу өзгөрүү болушу, жаңылануу зарылдыгын айттыңыздар эле?

Мурзубраимов: Кыргызстандагы мусулмандардын коомдук көйгөйлөрү, социалдык маселелери кыйыр мааниде экстремисттик кыймылдардын күчөшүнө, коомчулуктун мамлекетке жана муфтиятка ишениминин жок болушуна алып келет. Ошондуктан коомдук кубулушту жөнгө салуучу коомдук уюм болушу керек.

Биз муфтияттагы системалуу өзгөрүүнүн негизин коомдогу өзгөрүүнүн зарылдыгынан, мамлекет менен биргелешип иштөөнүн зарылчылыгынан улам көрүп жатабыз. Бир эле муфтий жалгыз өзүнүн күчү менен системалуу өзгөртүү киргизе албайт.

Азыр биз тарыхый учурда жашап атабыз. Мына декабрь айында Кыргызстан мусулмандарынын курултайы болуп, муфтий шайланат. Ушул аралыкта курултайга чейин системаны өзгөртүү үчүн уставга өзгөртүү киргизип, же жаңы устав кабыл алып, кийинки келген муфтийге жол ачып бербесек, ал иштеген учурда реформа кыла албай кыйналып калат. Муну биз жыйырма жылдык тарыхыбызда көрдүк. Ошондуктан кеч болуп кала электе бардык коомчулук аң-сезимибиз менен бир жыйынтыкка келип, муфтиятка уставды кабыл алып жаткан мезгилде керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип алуубуз керек.

Өмүракунов: 2007-2008-жылдардан бери муфтиятта реформа жүргүзүү аракети болуп келатат. Мурдагы муфтий Чубак ажы илими жогору инсан, бирок сырттан келгени, муфтияттын маселелерин ичтен билбегени үчүн, өзүнө сырттан команда алып келгени үчүн айрым жаңылууларга жол берип жиберди. Муфтияттын уникалдуулугун эске алуубуз керек.

Биз да кошулабыз, муфтият реформага муктаж. Биз бар нерсенин үстүнө, анын айланасына жаңыланууну сунуштап жатабыз. Азыркы иштеп жаткан устав юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Биз ошол уставдын негизинде мусулман коомчулугуна өзгөртүү сунуштап жатабыз.

Уставды реформалоо менен гана биз муфтиятты реформалай алабыз. Муфтийликке келген киши муфтияттын уникалдуулугун эске алуусу керек, анткени азыркы кезде бир айылдын имамын иштен алууда казы, же райондун имам-хатиби үчүн чоң бир дипломатиялык жөндөм талап кылынат. Эгер муфтий алмаштыра турган болсо, анда ар кандай нааразылыктар чыгышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG