Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Арзан кеткен алтын кен


Иштамберди алтын кени, Ала-Бука району.
Иштамберди алтын кени, Ала-Бука району.

Ала-Букадагы Иштамберди алтын кени текейден арзан бааланып, 1 млрд. долларлык кен 25 млн. долларга кеткени аныкталууда.

24-октябрда Жалал-Абад облусуна жасаган сапары учурунда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ири кендердин катарына кирген Иштамберди алтын кени боюнча маселе көтөрдү. Маалыматка караганда, 80 тоннага жакын алтыны бар деп болжолдонгон кен кытайлык Full gold mining компаниясына 2009-жылы дээрлик бекер берилген. Кыргызстан кенди иштетүүдөн болгону салык гана алат. Андан сырткары кытайлар Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там жолунун 190-чакырымынан 240-чакырымына чейин оңдоп берүү милдетин алып, 25 млн. 300 миң долларга бүтүрүп беришкен. Бирок бул сумма жалпы алтын кенинин алдында абдан эле арзыбаган сумма экени байкалат.

Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев бир эле Иштамберди эмес, Чаткал жана Ала-Бука районундагы бардык кендер бекер берилген дейт. Анын айтымында, Иштамберди кени туура эмес берилген:

- Ошол кен туура эмес берилип калган. Бул маселени көтөрүп жатабыз. Бизде ошол Чаткал, Ала-Бука, ал эле эмес 2005-жылдан кийин берилген кендердин биринде да биздин 1% да үлүшүбүз жок. Ошол маселени биз 2010-жылдан бери көтөрүп келатабыз. Эч чечилбей келетат. Акырында мына өткөн жумада тоо кен бирикмеси чогулуп, чечимди чыгардык. Ал чечимде ошол кендердин берилишин карап чыгып, Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү сунуштадык. Анан бул кендерди иштетүү боюнча келишимдер жок. Ошолорду түзүүнү да сунуштадык.

Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Иштамберди кенинде 20 тоннадан ашуун кен бар деп жазылып калган. А чындыгында анда 80 тоннага жакын алтын бардыгы болжолдонгон.

Кыргызстан геология жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик агенттиктин статс катчысы Наби Эшаназаровдун билдирүүсүнө караганда, Иштамберди кени ресурстарды инвестицияга алмашуу аттуу долбоордун алкагында берилген:

-Салыктардын баарын төлөйт. Кен байлык өзү сатылган эмес. Иштетүүгө лицензия гана берилген. Андан сырткары социалдык пакет жагынан толук жардам берет. Алар кенди иштете баштоодон мурун насыя алып, жолду бүтүрүп беришти. Эми ошол насыясын кенди иштетүүдөн түшкөн пайда менен жабат. Анан эми бул долбоордон миллиарддаган пайда түшө турган болсо, ошодон тиешелүү өлчөмдөрүн төлөйт. Салыктарды төлөйт. Бул долбоор арзан же бекер берилип кетти дегенге кошула албаймын.

Эшназаровдун айтымында, өкмөт башчыга кендин кандай берилгени боюнча туура эмес маалымат берилип калгандай. Ошондуктан агенттик маселени тактоо үчүн жаңы маалымат даярдап жатат.

Кытай тарап Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там жолун куруу үчүн 25 млн. доллардан ашуун каражат жумшаган. Учурда ал жол курулуп бүткөн. Транспорт жана коммуникация министрлигинин инвестициялык долбоорлорду аткаруу боюнча координатору Султан Сарбагышев:

- Жолду былтыр тапшырышты. Иштеп жатат. Мен өзүм быйыл Сары-Таш, Карамыкка барып көрдүм. Жакшынакай жол болду.

Сарбагышевдин айтымында, бул долбоорго кине коюга негиз жок.

Бирок да дурустап эсеп жүргүзгөн кишиге Кыргызстандын оңбогондой эле алданганы байкалат. Муну алтындын азыркы баасы менен эсептеп, далилдесек болот. Маселен, 1 тонна алтындын баасы болжол менен 55 млн. доллар дейт Кыргызстан зергерлер бирикмесинин башчысы Чыңгыз Макешов:

- Лондондогу 31-октябрдагы баалар менен алганда 1 грамм алтындын баасы 55 доллар турат. Ошондо 1 кг. алтын 55 миң доллар турса, 1 тоннасы 55 млн. доллар турат.

Иштамбердиде бери дегенде 20 тоннадан ашуун алтын бар экени анык. Демек анын жалпы баасы 1 млрд. 100 млн. доллар.

Бирок да Иштамбердидеги болжолдуу запас 80 тонна. Бул 4 млрд.400 млн. доллар дегенди билдирет.

Кытайлык компания азыркы мезгилге карай Иштамбердини ишке киргизүү үчүн 100 млн. доллардын тегерегинде инвестиция салганы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG