Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

ИИМ: Сойкулук жазаланыш керек


Ички иштер министрлиги сойкулук үчүн жаза киргизүү демилгесин көтөрүп, мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун парламентке жолдоду. Бирок жарандык коомдун өкүлдөрү бул кадам сойкулукту көмүскөгө түртүп, оорулардын жайылышына алып келет деп эсептешет.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов мындай кескин кадамга баруу жүйөсүн мындайча түшүндүрдү:

- Сойкулук Кыргызстанда антисоциалдык көрүнүш катары терең тамыр ала баштады. Мурун чоң шаарларда болсо, азыр кичи шаарларда кеңири жайылууда. Көпчүлүк учурда сойкулук адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына каршы, оор кылмыштардын жасалышы менен коштолуп жатат. Ошол эле убакытта кимдир бирөө үчүн бул кирешелүү булакка айланып, кылмыштуулукка жем таштоодо.

Бакыт Сейитов бул күрөштө милиция органдары жалгыз болбойт деп ишенет:

- Милиция жалгыз иштебейт. Жарандык коом да кошулуп, маселени көтөрүп, чогуу рейддерге чыгып, катышып дегендей... Бул багытта биз биргелешип иштешибиз керек. Балким ошондой фактылар болуп жаткандыр: ошол сойкуларды кармап, акча алып, койо берип жаткандыр. Ошону мыйзам чегинде карай турган болсок, ийгиликтер болот деп ишенем.

Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмөдө Ички иштер министрлигинин адистери сойкулук индустриясы ВИЧ өңдүү коркунучтуу оорулардын көбөйүшүнө жана өз алкагына өспүрүмдөрдү кеңири тартууга алып келип жатат деп белгилеген.

Ошентип Ички иштер министрлиги Административдик кодекске сойкулук үчүн жаза киргизүү сунуштап жатат. Маселен, биринчи жолу кармалса, 1000 сомдон 1500 сомго чейин; эгер бир жылдын ичинде дагы ошол берене боюнча кармалса, анда 1500 сомдон 2000 сомго чейин айып пул төлөйт, же 10 күндөн 15 күнгө чейин эркинен ажыратылат. Бүгүнкү күндө сойкулук үчүн мыйзамда жаза каралган эмес.

Бул мыйзам долбоорун караган мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрага орун басары Эркин Сакебаев мындай кадамды колдоорун билдирди.

- Бизде, мусулманчылыкта, айрыкча кыргыздардын арасында сойкулук деген болбойт да. Өзүнүн денесин саткан адам – бул адам эмес. Административдик кодекс боюнча эч кандай чара көрүлбөй, булар жайнап кетпедиби. Кечээ комитетти мен алпардым, ошол жерден биз маселени карадык, колдоп бердик. Баары бир алар менен күрөш болот. Таптакыр эле ачыкка чыгып кетпедиби. Голландия жана башка өлкөлөргө окшоп мыйзамдаштырылып кетпедиби. Анда ошондойго өтсөк кандай мамлекет болуп кетебиз?

Кардаларды жазаласачы?

Бирок демилгеге сын көз караш менен карагандар мыйзам менен тыюунун арты сойкулуктун азайышына эмес, тескерисинче, алардын көмүскөгө өтүп, муну менен тартип коргоо кызматкерлеринин арасындагы коррупцияны күчөтөт деп жатышат.

Секс индустрияда иштегендерге психологиялык жардам көрсөтүп жана алардын арасында ВИЧ/СПИДдин жайылуусун алдын алуу боюнча иштеп жаткан “Таис Плюс” коомдук бирикмеси айтылган демилгеге каршы кол топтой баштады. Сөз уюмдун жетекчиси Шахназ Исмаиловада:

- Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, сойкулар көмүскөгө кетет. Көмүскөгө кетсе, анда алар ВИЧ/СПИДди жана башка жыныстык катнаш аркылуу тараган ооруларды алдын алуу боюнча программаларга катыша албай калат. Анда өлкөдө СПИД кеңири жайыла баштайт. Ансыз деле азыр бул оору кеңири тарап жатат. Мен он үч жылдан бери алар менен иштеп, сойкулардын кыйла көбөйүшүн байкаган жокмун. Жаза болсо алар азаят деген ойдон алысмын. Болгону тартип коргоо органдары сойкулук менен алектенгендерден алган пара эле жогорулайт.

Жогорку Кеңеште бул долбоорго каршы чыккан депутаттар да жок эмес. Маселен, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Айнуру Алтыбаева, бул демилге милиция кызматкерлерине сойкулардан пара талап кылууга мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт. Ал Финляндияны мисалга келтирип, сойкулардын кардарларын жазалоону сунуштады.

Активист Шахназ Исмаилованын айтымында, бул маселе биринчи жолу көтөрүлгөн жок. 1998-жылы сойкулук үчүн жаза Административдик кодекстен алынган. 2006-жылы депутаттар маселени кайрадан козгоп, бирок жаза киргизүү аракетинен майнап чыкпай калган. Бул мертебе да жазалоодон башка жолдорду тандоо зарылдыгын түшүндүрөбүз деди Исмаилова.

Кыргызстан менен Казакстандан сырткары Борбор Азия өлкөлөрүндө сойкулук үчүн жаза каралган. Ал эми Европанын Нидерланд, Германия, Швейцария, Австрия, Венгрия, Грекия, Эстония өлкөлөрүндө жана Түркияда сойкукана ачууга мыйзам жол берет.

“Таис Плюстун” маалыматы боюнча, 2005-жылы Кыргызстанда сойкулардын саны 10 миңге чейин жетсе, 2010-жылы өткөрүлгөн изилдөөдө 7,5 миңге чамалаш деп айтылат. Себептерин чечмелей келип, аталган уюм экономикалык абалдан улам кыз-келиндердин бир даары секс индустриясында убактылуу шугулданып, жашоо-турмушу жакшыргандан кийин сойкулук бизнесин таштап кетип жатканын “Таис Плюс” тастыктайт.

Сойкулук үчүн Административдик кодекске кайрадан жаза беренесин киргизүү боюнча Ички иштер министрлигинин демилгеси Жогорку Кеңеште келаткан аптада каралат.

XS
SM
MD
LG