Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Сирия оппозициясы бирикти


Сирия оппозициясынын жаңы Улуттук коалициясынын башчылары (солдон оңго) Сухаир Атаси, Муаз Хатиб жана Риад Сейф
Сирия оппозициясынын жаңы Улуттук коалициясынын башчылары (солдон оңго) Сухаир Атаси, Муаз Хатиб жана Риад Сейф

Президент Башар Асаддын режимине каршы турган Сирия оппозициясы жаңы уюмга бирикти.

Ал Сириядагы оппозициячыл жана ыңкылапчыл күчтөрдүн улуттук коалициясы деп аталат. Анын лидерлигине белгилүү диниятчы, Дамаскидеги көөнө Умайяд мечитинин мурдакы имамы Муаз Хатиб шайланды.

Асаддын өкмөтүн эл ишениминен чыкты деген Араб Лигасы жана Батыш жаңы уюмду тааныйт деп болжолдонууда.

Муаз Хатиб башындагы улуттук коалиция Сириянын Араб Лигасындагы ордун ээлейт. Бул алардын тыштан саясый жана башка жардамдарды алуусуна кенен жол ачат.


Сириядагы оппозициячыл жана ыңкылапчыл күчтөрдүн улуттук коалициясы түзүлгөнү тууралуу жекшемби күнү Катардын байтакты Дохада жарыя кылынды.

Жаңы уюмду 52 жаштагы байистүү диниятчы Муаз Хатиб жетектейт. Ал жыл башында Египетке чыгып кеткенге дейре Дамаскидеги айтылуу Умайяд мечетинин имамы болгон, Башар Асаддын режимин сындаганы үчүн бир нече ирет абакка отуруп чыккан. Муаз Хатиб алгачкы кайрылуусунда аскерлерди козголоңчуларга кошулууга үндөп, сириялыктарды сунни, алавит, шиит, тарса, друз, ассириялык жана башка деп бөлүнбөй, “бир жеңден кол чыгарганга” чакырды.

Президент Башар Асад Орусиянын РТ телеканалына интервью берүүдө. Дамас. 8-ноябрь 2012v2012
Президент Башар Асад Орусиянын РТ телеканалына интервью берүүдө. Дамас. 8-ноябрь 2012v2012
Жаңы коалициянын төрага орун басарылыгына парламентинин мурдагы депутаты, көрүнүктүү диссидент Риад Сейф жана оппозиция активисти Сухаир Атаси айым шайланды.

Сириянын “Мусулман агайиндер” уюмунан Дохадагы үч күндүк маанилүү жыйынына Али Садриддин Баянуни катышты. Ал жаңы коалицияга буга чейин оппозициянын бирдиктүү уюму саналган Сирия улуттук кеңеши кошулганын чоң ийгилик деп эсептейт:

- Жетишилген келишимде режим менен сүйлөшүү жөнүндө сөз жок. Оппозицияга башка да тараптарды тартуу боюнча Риад Сейфтин демилгесинин негизинде келишимге көптөгөн толуктоолор киргизилди. Сирия улуттук кеңешинин жетекчилиги кечээ күнкү сүйлөшүүдө өз кошумчаларын айтты жана финалдык долбоорго кол койду.

Сирия улуттук кеңешинин төрагасы Жорж Сабра өлкөдөгү оппозициячыл күчтөрдү кеңири камтыган жаңы коалициянын түзүлүшүн Асаддын реджимине каршы күрөштөгү олуттуу кадам деп мүнөздөдү.

Дохадагы сүйлөшүүлөргө катышкан Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Даудоглу түрдүү саясый күчтөр ортосундагы келишим - Сирия оппозициясы расмий бириккенин күбөлөйт деди.
Жума намаздан чыккан жарандар Башар Асадды кызматтан кеткенге чакырган плакаттар менен. Дамасинин ныптасындагы Ирбин шаары. 9-ноябрь 2012
Жума намаздан чыккан жарандар Башар Асадды кызматтан кеткенге чакырган плакаттар менен. Дамасинин ныптасындагы Ирбин шаары. 9-ноябрь 2012
Жаңы коалиция түзүүнү - Араб Лигасы жана Батыш өлкөлөрү - Сирия улуттук кеңешине өлкө ичиндеги түрдүү топтор кирбей калган деп талап кылып жаткан.
Келерки жумаларда коалиция он адамдан турган өткөөл өкмөт курары айтылууда. Талдоочулардын боолгошунча, Араб Лигасы жаңы коалицияны Сириянын өткөөл өкмөтү деп тааныйт. Андай болгондо Муаз Хатиб башындагы улуттук коалиция Сириянын Араб Лигасындагы ордун ээлейт. Бул алардын тыштан саясый жана башка жардамдарды алуусуна кенен жол ачат. Себеби Лига былтыр ноябрда Сириядагы кандуу булоон токтобогондон улам өлкөнүн мүчөлүгүн токтотуп койгон.

Муаммар Каддафиге каршы күчтөр да Ливиянын өткөөл улуттук кеңешине бириккен соң эл аралык колдоо алып, Каддафини тез эле кулаткан болчу.

Асадга каршы оппозиция биригип жатканда Сириянын ичинде согуштук аракеттер уланып жатты. Соңку маалыматтар боюнча, 20 айдан берки куралдуу калабада 36 миңден ашуун сириялык зобун болду.

Жекшемби күнү Сирия тараптан атылган жолбун снаряд Голан дөңсөөсүндөгү аскерий бекетке тийгинден кийин, Израил армиясы ракета атып, жооп берди.

Голанды Израил 1973-жылкы согушта басып алган. Бүгүнгө чейин Израил жана Сирия тынчтык келишимин түзө элек. Ортодогу буфердик тилкени Улуттар Уюмунун 1 миң колдуу аскери күзөтөт.

XS
SM
MD
LG