Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

"Чет өлкөлүк агент" - шпион?


Белгисиз бирөөлөр "Мемориал" уюмунун Москвадагы кеңсесине "Чет өлкөлүк агенттер. I love USA" деп жазып кетишкен, 21-ноябрь, 2012
Белгисиз бирөөлөр "Мемориал" уюмунун Москвадагы кеңсесине "Чет өлкөлүк агенттер. I love USA" деп жазып кетишкен, 21-ноябрь, 2012

Орусияда кечээ күчүнө кирген “чет өлкөлүк агенттер” жөнүндөгү мыйзам бейөкмөт уюмдардын катуу каршылыгына туш болду. Өлкөдө активдүү иштеген көптөгөн уюмдар анын негизинде каттоодон өтүүдөн баш тартты.

Орусиядагы адам укугун коргоочу бир топ алдыңкы уюмдардын активисттери ушул аптада аталган мыйзамга баш ийбей тургандыгын жарыялашты. Документке ылайык, чет мамлекеттерден грант алып иштеген, өлкөдө саясатка аралашкан уюмдар “чет өлкөлүк агент” деп каттоодон өтүшү зарыл.

Орусияда адам укугун коргоо жаатында иштеген эң эски уюмдун – Москвадагы Хельсинки тобунун төрайымы, 85 жаштагы белгилүү активист Людмила Алексеева мыйзамды “абсурд” деп атап, ага баш ийбей турганын айтты.

Людмила Алексеева - Орусиядагы ардагер-укук коргоочу
Людмила Алексеева - Орусиядагы ардагер-укук коргоочу
"Адам укугун коргоочулар адатта мыйзамды урматтаган, аны уккан адамдар болушат. Бирок алгачкы жолу алар азыр мыйзамга каршы чыгышты, - дейт Алексеева. - Анткени бул мыйзам бизди такыр чыдагыс абалга калтырат. Анын негизинде биз “чет өлкөлүк агент” катары атала турган болсок, биздин маалыматтын баары жалган деп кабыл алына баштайт".

Алексееванын пикирин “Эл аралык мунапыс” корунун Орусиядагы өкүлү Сергей Никитин улап, “чет өлкөлүк агент” деп таанылгандарды көпчүлүк орус жарандары жөн гана “тыңчы, шпион” деп ойлошот дейт. Дал ушул себептен улам азыр ондогон уюмдар бул документке бойкот жарыялашты. Алардын катарында шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү “Голос”, коррупцияны иликтеген Transparency International, адам укугун коргоочу “Агора”, “Жарандарга жардам” жана “Адам укуктары үчүн” деген уюмдар бар.

Анткен менен, орус бийликтери мыйзам баары бир толугу менен ишке киргизилээрин айтып жатышат. Дүйшөмбүдө орус парламентинин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик думанын спикери Сергей Нарышкин “кабыл алынган мыйзам сөзсүз аткарылышы шарт” деген.

Орусияда азыркы туңгуюк абалдан кантип чыгышат - белгисиз.

Алексеева “азырынча бир аз күтө туралы” дегенсип, бирок өзү Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна арыз жазышы деле мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

"Түшүнүксүз" мыйзам

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, жанагындай уюмдар учурунда өздөрүн “чет өлкөлүк агент” деп каттоодон өткөрбөсө, иши алты айга чейин токтотулат. Мыйзамды бузгандарга 100 миңден 300 миң рублга чейин айып пул да тагылат (3200 - 9600 АКШ доллары). Мыйзамды бир нече ирет бузгандарга болсо кылмыш иши да козголушу мүмкүн.

“Мемориал” деп аталган дагы бир укук коргоочу уюмдун башчысы Олег Орлов жаңы мыйзамды “такыр эле түшүнүксүз” деп атады.

Адам укуктарын коргоо боюнча иштеп жүргөн адвокат Евгений Архипов да мыйзам түшүнүксүз экенине кошулат, бирок мындан ары аны ишке ашыруу ал боюнча карала турган алгачкы ишке, инцидентке негизделет дейт. “Азыр мыйзамды тааныбай тура берүүдөн майнап болбойт”, - деди Архипов.

"Менимче, азыр жаңы тартипке баш ийбеген бейөкмөт уюмдарга жазана киргизилет. Аларга айып пул да тагылат, кылмыш иштери да ачылышы мүмкүн. Иши кылып, жаңжал сөзсүз болот деп ойлойм", - дейт адвокат.

Сырттан акча алып, өлкөдө саясий иштерге аралашкан уюмдар “чет өлкөлүк агент” катары Юстиция министрлигинен 20-ноябрга чейин каттоодон өтүшү керек эле.

Азыр коомдо талаш-тартыштарды жараткан бу документти Мамдума быйыл жайында дагы эки башка талаштуу мыйзам менен кошо кыска мезгилде эле кабыл алып салган. Оппозиция болсо ал мыйзамдардын баары өлкөдө Кремлге каршылык көрсөтүүнү татаалдаштырып, бийликке кулак салбагандарды жазалаш үчүн киргизилген дейт.

Саясий аналитик Дмитрий Орешкиндин ишениминде, азыркы мыйзамдан баары бир бийлик утат. Анткени ага бойкот жарыялагандар жазаланат, калгандары ансыз деле ыргылжың, мурдатан эле бар-жогу белгисиз уюмдар болчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG