Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Акталган экс-министр кызматын кайтара алабы?


6-июль, 2012-жыл
6-июль, 2012-жыл

Камактан бошотулган экс-министр Равшан Сабиров кызматын кайтарып алууга мыйзам жол берет. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди. Экс-министрдин мурдагы фракциялаштары буга анын моралдык укугу жогун айтышууда.

Кыргызстандан чет элдиктердин бала асырап алуусуна байланыштуу Кылмыш кодексинин чоң өлчөмдө пара өндүрүү өндүү бир нече беренелери боюнча айыпталган экс-министр Равшан Сабировду Биринчи май райондук соту 21-ноябрда толугу менен актады. Буга экс-министрдин 10 миң доллар пара алып жаткан кезде кармалган жардамчысы Тахир Мырзахметовдун министрдин тапшырмасын аткардым деген билдирүүсүнөн биротоло баш тарткандыгы жардам берди.

“Ата Мекен”фракциясынын сунушу боюнча социалдык өнүгүү министри болуп иштеп келаткан Равшан Сабировду Коопсуздук комитети 5-июлда камаган. Депутаттар тобунун кепилдиги менен жыйырма күндөн кийин Сабиров үй камагына чыгарылган.

Кепилдик бергендердин катарына “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары кошулган эмес. Фракция, тескерисинче, коррупциялык айыптар тагылып жатканда министрлик кызматты аркалай албайт деп, Сабировду бул саясий кызматтан бошотууну ошол кездеги премьер-министрге сунуштаган.

Азыр эми Сабировду райондук сот толугу менен актагандан кийин ал министрлик кызматына кайтып бара алабы, айыптардын коюлушунун, камоонун мыйзамдуулугун териштире алабы деген сыяктуу суроолор коомчулукта пайда боло баштады. Адвокат Икрамидин Айткулов буга мыйзам толук жол берет деп эсептейт:

- Кызматынан кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат деген негиз менен алынгандан кийин, ал кызматын калыбына келтирүү укугуна ээ. Бул талашсыз.

“Атамекенчилер” болсо Сабиров өзүндө күнөө жок болсо да, министрликтин биринчи жетекчиси катары моралдык-адептик жактан жооптуу бойдон кала берет деген көз карашта калууда. “Ата Мекен” фракциясынын парламенттеги төрага орун басары Асия Сасыкбаева:

- Баары бир Дербишева (министрдин мурдагы орун басары), Тахир деген жардамчысы Сабировдун убагында кармалып жатышпайбы. Андай болгондон кийин, албетте, ушундайга жол берген министр катары анын моралдык укугу жок.

Равшан Сабиров өзү болсо кызматын, аны менен кошо абийир, ар-намысын кайтарып алуу сыяктуу аракеттер тууралуу азырынча ойлоно элек. Анын үстүнө сот иши акыркы инстанциялардан өтүп бүтө да элек. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” суроолоруна берген жообунда белгилеп, бирок мамлекеттик кызматка сунуштар болсо ойлонорун билдирди:

- Азыр менин ордумда жаш, кубаттуу Кылыч Султанов деген жигит иштеп атат. Мен ал жигитке оомат каалайм. Иштей берсин. Бирок ошол эле мезгилде бизге Сабиров керек деп чакыра турган болсо, ойлонуп көрсөк болот.

Сабиров ошондой эле саясаттан кетүү тууралуу да ойлоно элек, тескерисинче, идеялык жактан ымаласы бар “Ата Мекен” партиясы менен кызматташтыкты улантуу ниетинде. Бул маселе боюнча жакында “Ата Мекендеги” тизмелештери менен акылдашууну көздөп жатат. Депутат Асия Сасыкбаеванын билдиргенине караганда “Ата Мекенде” да ушундай ниет сакталып турат:

- Албетте кызматташабыз. Мурдатан эле ошондой система иштеп келгени үчүн ал күнөөлүү эмес да. Сабировдун учурунда пара алып-берип дегендей иштер болуп кеткен үчүн “Ата Мекен” партиясы дароо эле бул иште мындай киши иштей албайт деп айтты. Бирок өзү күнөөлүү деп биз бир да жолу айткан жокпуз.

Анткен менен Сабировдун иши боюнча Биринчи май райондук соттун чечимин кийинки сот баскычтары күчүндө калтырабы-жокпу - али белгисиз. Адвокат Айткуловдун билдиришинче, райондук сот чечимге кошуп, тергөө тобу негизсиз айып таккан деген аныктама да чыгарган.

Башкы прокуратура болсо Биринчи май райондук сотунун чечимин натура деп эсептеп, ага каршы доо арыз берүүгө камданып жатат. Бул тууралуу прокуратура кызматкерлеринин майрамына карата 22-ноябрдагы салтанатта журналисттерге баш прокурор Аида Салянова билдирди. Анын пикиринде, экс-министрдин кылмышка тиешеси бар экендигине прокуратуранын далилдери жетиштүү болчу.

Юрист-эксперт Бекбосун Бөрүбашев Сабировдун ишинен көрүнгөн бул өңдүү өксүктөргө баасын берди:

- Мен ишенбейм деп айта албайм. Себеби колумда факт жок. Бирок Кыргызстанда сотторго ким ишенет? Ал кишиге жаман оюм жок, бирок, канчалык туура бошонду, эмне үчүн ушунчалык көп айыптар тагылып жатып, анан бошонуп кетти деп элдин баары эле сурап жатат. Бул жерде көп маселе бар.

Адис ошондой эле сотко карата калыптанып калган тескери пикирлер прокуратуранын, Коопсуздук комитетинин аракеттерин актай албайт дейт. Анын пикиринде аталган органдар кимдир бирөөнө күнөө койордон мурда, эртең акталып калса ага ким, кандай жооп берет деген маселени жакшылап салмакташы керек. Кыргызстандын тажрыйбасында мамлекеттик кызматкерлерге карата прокуратура таккан айып сотто жокко чыгарылган учурлар байма-бай жолугуп келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG