Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Партияларды таразалаган шайлоо


Бишкектеги добуш берүүдөн, 25-ноябрь, 2012.
Бишкектеги добуш берүүдөн, 25-ноябрь, 2012.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо саясий партиялардын салмагын дагы бир ирет таразалап, кадыры канчалык экенин дагы бир ирет аныктады.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо талапкерлер эки жол менен көрсөтүлдү. Шаардык кеңештерге талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партияларга укук берилсе, айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөтүүгө демилгелүү топтор, жарандар жана партияларга мүмкүнчүлүк берилди. Мына ошону менен саясий партиялардын борбордук бийлик үчүн эле эмес, жергиликтүү бийликтер үчүн да күрөшүүсү үчүн шарт түзүлдү.

Күтүлгөндөй эле ал күрөштө бийликтеги КСДП партиясы бир топ ийгиликтерге жетише алды. Бул партия шайлоо болгон 25 шаардын ичинен 11 шаарда биринчи орунду, 8 шаарда экинчи орунду жеңип алды.

КСДПга күчтүү атаандаш болуп жаткан “Республика” партиясы 4 шаарда биринчи орунга чыгып, 3 шаарда, анын ичинде Бишкекте экинчи орунга жетишти. Бул партиялардын көрсөткүчтөрү негизинен күтүлгөндөй эле болсо, айрым жаңы партиялар кээ бир шаарларда лидерлерди да артка таштап, биринчи орунга жетишти. Маселен, “Өнүгүү” партиясы эки шаарда, “Замандаш” да эки шаарда биринчиликти жана бир нече шаарларда экинчи орунду ээлешти. Булардан сырткары “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт” партиялары эки шаарда, “Ак шумкар”, жана Коммунисттер партиясы бирден шаарда жеңишке жетишти.

Тажрыйбалуу партиялар ичинен “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” партиялары бир да шаарда жеңишке жетише албады. Ал эмес, үгүт өнөктүгү учурунда дүбүртү катуу чыккан “Ар-намыс” партиясы Бишкекте 7% тосмодон өтө албай калды. Ал эми “Ата Мекен” борбордо “Замандаш” менен үчүнчү орунду талашууда.

Оштогу “Укук жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков жаңы партиялардын ийгиликке жетишүүсүн мындай баалады:

- Биринчиден, адамдардын көпчүлүгү калыптанып калган партиялардан тажап, алардын жасаган иштерин да көрүп жатат. Экинчиден, адамдар жаны партияларды, жаңы жүздөрдү көргүсү келип жатат. “Өнүгүү” партиясы болсо техникалык кызмат көрсөтүү борборлорун уюштуруп, элге реалдуу ишин шайлоо алдында көрсөтүп койду. Мына ошондон улам алардын ийгилиги жаралды.

“Республика” партиясынан бөлүнүп чыккан “Өнүгүү” партиясы Жалал-Абадда, Кара-Көлдө биринчи орунду, Өзгөндө, Кара-Сууда, Көк-Жаңгакта экинчи орунга жетишкен. Бирок бул партиянын ийгилиги бир региондо гана болуп жатат.

“Замандаш-Современник” партиясы өлкөнүн бардык аймактарында ат салышып, Баткенде, Кербенде биринчи орунга чыгып, Нарын, Кайыңдыда экинчи болушкан. Бишкекте болсо үчүнчү болуп келатышат.

Саясат таануучу Марс Сариев партиялардын көрсөткүчтөрүн мындай баалады:

- “Замандаш-Современник” эмне үчүн ийигиликке жетишти? Менин оюмча, стратегиясы жакшы болду. Пиар-өнөктүктү дурус өткөрдү. Анан өткөн мезгилде жакшы долбоорлорду турмушка ашырган. Мына Баткенди алып көрсөк, ал жерде аябай жакшы натыйжа менен келди. Азыр эми багыт Орусияга бурулуп жатпайбы. Ошон үчүн шаардагы орус тилдүү калк “Замандашты” аябай колдоду. Анан дагы бир эске ала турган нерсе, КСДПга эң күчтүү оппонент “Республика” болуп атпайбы. Ошон үчүн “Замандашка” жана “Ата Мекенге” жашыл жарык болуп, артыкчылыктар берилди окшойт.

Шайлоодогу ар кандай көрсөткүчтөргө карабай, добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыктар арбын болууда. “Республика”, “Ар-намыс”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын, ал эми Феликс Кулов бул маселени көпчүлүк коалициянын жыйынына алып чыгарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG