Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Кытай өкмөт башчысы Кыргызстанга келет


Кытай өкмөтүнүн башчысы Вэн Цзябао
Кытай өкмөтүнүн башчысы Вэн Цзябао

Декабрдын башында Кыргызстанга Кытай өкмөтүнүн башчысы Вэн Цзябао келет.

Расмий сапар менен катар Кытай өкмөт башчысы 4-5-декабрда Бишкекте боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жыйынына да катышат.

Кытай Кыргызстанда реалдуу долбоорлорду аткарууга киришти

Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлорду каржылап жаткан өлкө. Азыркы мезгилде кытай каражаты менен "Датка" подстанциясы курулуп, "Датка-Кемин" электр зымы тартылууда. Андан сырткары кытайлык инвесторлор тоо-кен тармагында активдүү. Кара-Балта шаарына жакын жерге курулуп жаткан мунайды кайра иштетүүчү завод да Бээжин тарабынан каржыланууда.

Кытай өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий сапарында президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп, мына ушул долбоолордун аткарылышы да талкууланат.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун маалымдашынча, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы кеңири маселелер талкууланат:

- Сүйлөшүүлөрдө кыргыз-кытай алакаларынын бүгүнкү абалы, деңгээли, ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий, саясий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү жана кеңейтүү маселелери каралат.

Кадырбековдун айтымында, 2011-жылы эки тараптуу сооданын көлөмү 1 млрд. долларга жакындаган. Сүйлөшүүлөр жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлушу белгиленген. Ал документтер боюнча эксперттер деңгээлинде иштер уланууда.

Вэн Цзябао Бишкекте 4-5-декабрда боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитине да катышат. Бул саммитке ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынан сырткары байкоочу өлкөлөрдүн да делегациялары катышаары күтүлүүдө.


Кыргыз-орус алакасы кайра жаралуу доорундабы?



Кытай өкмөт башчысынын сапарынын алдында Бишкекте Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташуу боюнча форуму болду. Ага Биримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Кэтрин Эштон айым катышты. Андан көп узабай 28-ноябрда Бишкекте кыргыз-орус форуму болду. Анда кыргыз-орус мамилеси кайра жаралуу доорун башынан өткөрүп жатканы айтылды.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мына ушул үч эл аралык субъекттин ичинен Европа Биримдиги пассивдүү болуп жатат дейт:

- Бул жерде үч тарапты караганда, эң пассивдүү, жөн эле сөз менен калып жаткан Европа Биримдиги болуп жатат. Биримдиктин Борбор Азия менен иштей турган концепция, программалары бар. Бирок ошол программаларды иликтеп көргөндө Кыргызстан менен Тажикстан четте калган. Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан табигый чийки заттары, аларга байланыштуу комплекстери күчтүү өлкөлөр. Ошого байланыштуу бул өлкөлөргө Европадан инвесторлор көп келет. Ошого жараша алар ошол мамлекеттер менен мамилени тереңирээк, мазмундуураак жасашат.

Жекшенкуловдун айтымында, Орусия Бажы биримдиги жана Евразия эркин экономикалык аймагын түзүүнү көздөп, аны турмушка ашырууга активдүү киришүүдө. Москванын бул чөлкөмдөгү активдүүлүгү ушуга да байланыштуу. “Бирок Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдө өз кызыкчылыгын коргоо үчүн жеңилдиктерди алыш керек”, - деп эсептейт Жекшенкулов.

Талдоочулардын баамында, Орусия Кытайдын активдүүлүгүн байкап, региондо таасирин биротоло жоготуп албаш үчүн Кыргызстанга көбүрөөк көңүл бура баштады. Бирок да Кытай реалдуу долбоорлорду аткарууга киришсе, Орусия ири долбоорлорду баштоо алдында турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG