Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Шайлоо: чуулуу тасманын уу-дуусу


"Республика" партиясынын жаштар канатынын координатору Наргиза Ажыбаева (НТС телеканалына интервью берүүдө) 28.12.2012
"Республика" партиясынын жаштар канатынын координатору Наргиза Ажыбаева (НТС телеканалына интервью берүүдө) 28.12.2012

Бишкек шаар кеңеши үчүн шайлоодо "Республика" партиясынын өкүлдөрү "айлампа" ыкмасын колдонду делген тасма боюнча иш козголду.

“Республика” партиясынан шаардык кеңешке талапкер Наргиза Ажыбаева НТС телеканалына берген маегинде “карусель” добуш берүүсүн уюштуруу чагымына алдырышканын айтып чыкты. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы шайлоодо добуш берүүнүн мыйзамсыз “карусель” ыкмасын пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү шаардык милицияга тапшырды.

Аргументтер талашы

Буга “Республика” партиясынан шаардык кеңешке талапкер Наргиза Ажыбаеванын катышуусундагы жашыруун тартылган видеотасма негиз болгон. Бул факт партияны мандаттарынан ажыратып коюшу мүмкүн дегендер да жок эмес. “Республикачылар” болсо добуштарды ак эмгеги менен алышканын айтууда.

Бишкек шаардык прокуратурасынын басма сөз өкүлү Жыргал Курманбеков козголгон кылмыш иштин жайын мындайча чечмеледи:

- Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренесинин негизинде, башка адамга же адамдардын тобуна добуш берүү, ошондой эле 141-беренедеги шайлоо документтерин бурмалоо фактылары боюнча козголду.

"Республиканын" лидерлери Ө.Бабанов жана Н.Ажыбаева (сүрөт интернеттен алынды)
"Республиканын" лидерлери Ө.Бабанов жана Н.Ажыбаева (сүрөт интернеттен алынды)
Кылмыш ишин козгоого 26-27-ноябрда интернет сайттарга катары менен жарыяланган эки видео тасма негиз болгон. Анда “Республика” партиясынын жаштар канатынын координатору, Бишкек шаардык кеңешине тизмеде 21-болуп катышып жаткан 27 жаштагы Наргиза Ажыбаеванын бир канча адамга кайсы добушканада жана кантип добуш берүүнү үйрөтүп жатканы түшүрүлгөн.

“Республика” партиясынан парламент депутаты Курманбек Дыйканбаев талапкердин видеодогу аракеттерди билип же билбей жасагандыгы азырынча тактала электигин айтып, муну талапкер менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыгы менен түшүндүрдү. Кандай болгон учурда да депутаттын айтымында, партия видеотасманы коопсуздук комитетинин кызматкерлери уюштурган чагым деп эсептейт:

- Биз өзүбүздүн жаштардан алынган маалымат боюнча, тартып алгандар УКМКнынбы, башканынбы штаттан тышкары кызматкерлери болчу деп айтып жатышат. Ошолор кылды деп жатышат.

Ал аралыкта Наргиза Ажыбаеванын НТС телеканалына маек бергени белгилүү болду. Анда Наргиза Ажыбаева бул ишке УКМКны айыптаган:

Видеодогу Наргиза Ажыбаева делген айым (интернеттен алынды)
Видеодогу Наргиза Ажыбаева делген айым (интернеттен алынды)
- Биз чагымга алдырып койдук. Бизди бул мыйзамсыз ишке барууга түртүштү. Буга байланыштуу мен коомчулукка кайрылат элем: жасалган бул чагымга алдырбагыла жана анын баарына ишенбегиле.

Бирок УКМК «Республика» партиясынын билдирүүсү да , Наргиза Ажыбаеванын айткандары да чындыкка коошпойт турганын айтууда. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Нурлан Токталиев:

- Эми ал өзүнүн оюн айта берет да. Балким бирөөлөр ошондой айт деп түртүп жатышат. Биздин буга эч кандай тиешебиз жок.

Ал эми Наргиза Ажыбаеванын өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Депутат Дыйканбаевдин айтымында, Наргиза Ажыбаева партиянын жаштар канатында иштеп жатканына жарым жылдан ашып калган.

"Республика" шаар кеңештеги мандатынан ажырайбы?

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Туратбек Мадылбеков бул факты “Республика” партиясынын шайлоодо алган добуштарынан ажыратууга толук негиз боло алат деген ишенимде:

- “Республика” партиясын мандатынан ажыратканга толук негиз бар. Анткени алар шайлоого чейин эле төрт жолу чоң мыйзам бузууларды жасашкан. Ошондо эле алып коюш керек болчу. Азыр да бул чагым болду деп жатышпайбы. Миң чагым болгон күндө деле факты айкын болуп турат.

​“Республикачы” депутат Курманбек Дыйканбаев партия Бишкек шаарынан 22 миң добушту ак эмгеги менен алды жана партиянын мандаттан ажыратууга негиз жок дейт. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, "Республика" партиясы Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоодо 18,03 пайыз добуш алып, КСДПдан кийинки экинчи орунга чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, партия боюнча чечим тергөөнүн жыйынтыгына жараша болот. БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Бул боюнча ИИМ карап чыгышы керек. Прокуратура да иш козгоп карап жатат. Экинчиден, видеотасмада карусель кылып, добушту салып жаткан учур жок. Адамды кылмыш кылам деп жатканы үчүн соттогонго болбойт. Эгер алар добушканаларда чын эле жасаган болсо, демек чара көрүлөт. Тергөө бул боюнча бизге маалымат берет.

Интернетте бул видеотасмадан сырткары да шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу бир катар тасмалар жарыяланган. Бирок ал тасмаларда кайсы бир партияга тиешелүү, же кандай мыйзам бузуулар болгону учурлар так камтылган эмес.

Мындан улам жергиликтүү кеңештерге шайлоого байкоо салган "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар тартылып алынган бардык видеолор боюнча иликтөө жүргүзүү талабы менен 28-ноябрда Башкы прокуратурага кайрылды.

25-ноябрдагы шайлоонун добуштары бүгүн кечинде Бишкек шаарында да толук эсептелип бүттү. Ага ылайык, алдын-ала маалыматтар боюнча, КСДП 32,83 пайыз, “Республика” партиясы 18,07 пайыз добуш жыйнаган. Ал эми “Ата Мекен” партиясы 10,24 пайыз жана “Замандаш-Современник” 9,60 добуш менен 7 пайыздык босогону багындырышкан.

XS
SM
MD
LG