Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Учкунбек Ташбаев улаган схема


Кыргызстандагы кен байлыктарын иштетүүгө уруксат берүү тармагындагы ири коррупциялык схемалардын бети ачылууда.

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен геология жана жаратылыш ресурстары боюнча мурдагы министр Капар Курманалиевдин жер казынасын жеке кызыкчылыкка пайдалануу иши Бабанов өкмөтүнүн тушунда кайра калыбына келтирилген. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин экс-жетекчиси Учкун Ташбаевге козголгон кылмыш ишиндеги эпизоддор анын эски коррупциялык схемалар менен байланышы бар экенине шек жаратууда.

Ташбаевдин артынан табылган фактылар

Учкун Ташбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында ири өлчөмдөгү алтын кошулмаларын сыртка уурдап чыгаруу жана кен байлыктарын иштетүүгө уруксат берүүдө көмүскө соодалашууну уюштурууга байланышкан сегиз факты иликтенүүдө. Мында негизинен жаратылыш кендерин чалгындоодо тажрыйба жүргүзүү үчүн сыртка чыгарылчу алтын кошулмаларынын ири көлөмдө ташылып кетишине байланышкан жагдайлар боюнча тергөө бир топ далилдерди топтогон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Азамат Осмонов Учкунбек Ташбаевге эки берене боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи:

- Учкунбек Ташбаевге кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 307-беренелериндеги кылмыш белгилери боюнча айып тагылды. Бул иштин алкагында “Кыргыз алтын” ачык акционердик коомунун филиалдары жайгашкан “Макмал алтын” жана “Солтон сарыдан” чоң өлчөмдөгү алтын уурдаган фактылар иликтенүүдө. Ошондой эле алтын казып алуучу жерлерди иштетүү укугун берүүдө уюштурулган көмүскө рынок боюнча да бир топ материалдар топтолгон.

2006-жылдан баштап эле ошол кездеги оппозиция Бакиев бийлиги Кыргызстандын кен байлыктарын каалагандай калчап, аны чет өлкөлүк компанияларга сатууну өздөштүрүп алганын айтып, айыптап чыккан болчу.

Эбин тапкан эски схемалар

Айрыкча Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИ же кыргызча атаганда Өнүгүү жана инвестициялар боюнча борбордук агенттик 2009-жылы Кыргызстандагы жер казынасын толук көзөмөлүнө өткөрүп алган. Бул багыттагы ишмердикти тескөө жагы ага жүктөлгөнү боюнча президенттин жарлыгы менен бекиген аталган агенттиктин жобосунда да көрсөтүлгөн. Бирок мына ошол кендерди иштетүүдөн түшкөн пайда боюнча мамлекеттин үлүшү каралган эмес. Анткени мына ошол чет элдик компанияларга өткөн жаратылыш кендери боюнча атайын келишимдер түзүлбөгөн.

Тоо-кен өнөр-жайчылар биримдигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев кен иштетүүгө уруксатнааме жең ичинен берилип, анын бардыгын бир колго топтоо демилгеси болгонуна мындайча токтолду:

- Булардын негизги максаты бүт тоо-кен тармагын өздөрүнүн колуна алуу болгон. Өнүгүү жана инвестициялар боюнча борбордук агенттиктин негизги иши да мына ушуга байланыштуу болгон. Анын негизинде кен иштетүүгө лицензияларды берүүнү соода-сатыктын предметине айландырышкан. Анан запасы көп, келечеги чоң жана инвесторлорду кызыктыра турган алтын кендердин бардыгын тартып алып, бир колго топтошкон. Мисал үчүн “Жерүй” алтын кенин тартып алып, өздөрүнүн карамагындагы “Глобал голд” компаниясына күч менен эле алып берип коюшкан. Бакиевдердин көрсөтмөсү менен 2010-жылга чейин жалпысынан орто жана келечектүү ири кендерди иштетүүгө 37 лицензия берилген.

2010-жылы 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт ага чейин кендерди иштетүүгө берилген уруксатнаамелердин бардыгын текшерип чыгуу демилгесин көтөргөн. Жыйынтыгында геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги мурда кендерди изилдөөгө же иштетүүгө берилген 950 лицензияны текшерүүдөн өткөргөн. Бул боюнча атайын комиссия иш алып барып, мыйзамсыз берилип кеткен же көптөн бери иштетилбей мөөнөтү өткөн уруксатнаамелер кайра мамлекеттин карамагына өткөзүлгөн.

Жалпысынан кен-байлыктарды изилдөөгө же иштетүүгө берилген 277 лицензия жокко чыгарылган. Анын алтымышы алтын, жыйырмасы башка баалуу металл жер казынасын иштетүүгө берилген лицензиялар болгон. Бул боюнча 2011-жылы ошол кездеги комиссиянын атайын протоколунда көрсөтүлгөн.

Ошол кездеги жаратылыш ресурстары жана геология министри Замирбек Эсенаманов бул тармактагы уюшкан топтор менен күрөшүүдө алсыздык кылганын мойунга алды:

- Ар кандай мыйзамсыз жолдор мене алып алышып, ыңгайлуу шартта кайра сатам деп кармап отурган лицензиялардын бардыгын мамлекеттин карамагына кайтарып алган болчубуз. Биз бул иштин бардыгын мыйзам чегинде жүргүзүп, тазалай баштаган болчубуз. Анан эле биз бул иштерди аягына чыгаргычакты биздин министрликти жойуу чечими чыкты. Менимче, мына ошол уюшкан топтор ичтери ачышып, бизден мына ошондой жол менен өч алышты көрүнөт. Алар ар кандай жол менен уюшкан адамдар экен, биз баштаган ишке чекит койдура койбой биздин түбүбүзгө жетип койушту.

Жаратылыш байлыктарын иштетүүгө уруксат берүү тармагындагы текшерүүлөрдүн токтотулушу Атамбаевдин өкмөт башчылык мезгилинин аягына жана президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов анын ордуна отурган учурга туура келет. Эсенамановдун ордуна жаңы түзүлгөн геология агенттигине Учкунбек Ташбаевдин келиши менен Бакиев учурунда ээлик кылып, бирок 2010-жылдан кийин уруксатнаамелерин алдырып койгон кен иштетүүчү компаниялар сотторго даттана башташкан. 2011-жылдан баштап жер казынасын иштетүү укугун калыбына келтирүү өтүнүчү менен сот органдарына 62 доо арыз түшкөн. Отуз беш доо-арыз боюнча ал компаниялар биринчи эле соттук инстанциялардан утуп чыгып, өтүнүчтөрү канааттандырылган.

Геология агенттигинин жаратылыш кендерин лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Каныбек Коноков кендерге ээлик кылган мына ошол компаниялардын соттон утуп алып жатканын мыйзам ченемдүүлүк катары белгиледи:

- Анын бардыгы азыр менин эсимде жок. Бул үчүн мына ошол отчеттордун бардыгын аңтарып карап чыгыш керек. Бул эми үзгүлтүксүз жүрүп, көп убакытты талап кыла турган жараян. Лицензияларды бир четинен жокко чыгарсак, экинчи чекесинен ал боюнча сотко берип утуп алып жатышпайбы. Бул эми мына ушундай мыйзам ченемдүү көрүнүш экен. Мына ошондой соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен лицензияларын кайра кайтарып алгандар бар.

Тизмеге киргизилген орто көлөмдөгү кен байлыктарынын ичинен 80 тоннага чейин алтын запасы бар деп чалгындалган “Чаарат”, “Саважарды”, “Алтын-Жылга”, “Иштамберди”, “Андаш” жана “Бозумчак” алтын кендери 2010-жылга чейин ээлик кылган тараптарга кайтарылып берилген. Бул боюнча сот органдарынын тиешелүү чечимдери чыккан.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев мунун бардыгын эски схемаларды калыбына келтирүүгө байланышкан бийликтеги уюшкан топтордун аракети катары баалады:

- Мунун технологиясы мындай. Мына ошол кендердин эски ээлери жаңы өкмөт туура эмес кылды деп сотко беришет, сотто болсо биздин мамлекеттик органдар утулуп калышат. Анан мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо алар козголуп да койушпайт. Жыйынтыгында маселе тигил тараптын кызыкчылыгына чечилип, биздин өкмөттөгүлөр болсо “соттор ушундай чечип койушпадыбы” деп алакан жайышат. Мунун бардыгын бир эле соттор же жалгыз эле Учкун Ташбаев чечип койо алмак эмес. Алардын артында бийликтин ичи-тышында жүргөн өтө таасирдүү көмүскө чоң күчтөр бар.

"Туураланып" кеткен “Туюк-Каргаша”

Ондогон мисалдардын ичинен эң эле көрүнүктүүсү Өзгөндөгү “Туюк-Каргаша” кокос-көмүр кенин алууга болот. Ага геологиялык чалгындоо жүргүзүү жана иштетүү укугу 2008-жылы 29-июлда “Байдамар” деген компанияга берилген. Бул боюнча 2010-жылдагы өкмөттүк комиссиянын тыянагында көмүр кенине ээлик кылуу укугу мыйзам бузуулар менен берилгендиги көрсөтүлгөн. Мындай көрүнүштүн орун алышына көмүр кенге ээлик кылган тараптын Бакиев бийлиги менен жакындыгы себеп болгон деп айтылат аталган документтин корутундусунда.

Кокос-көмүрү кубатууу отун булагы болгондуктан ал өнөр-жай ишканаларында темир ээритүү үчүн гана колдонулат. Анын бир тоннасы дүйнөлүк рынокто 700 АКШ долларына барабар. “Туюк-Каргашада” мына ошол көмүрдүн 400 миллион тонна запасы бар экени 1987-жылы эле советтик геологдор тарабынан чалгындалган. Ага көз арткан компаниялар 2005-жылга чейин эле көп болгондугу боюнча маалыматтар коомчулукка белгилүү. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимге жакын чөйрө аталган көмүр кенине ээлик кылып алганын ошо кездеги оппозиция айтып чыккан эле. 2010-жылы 7-апрель окуясынан соң, “Байдамар” компаниясы кендеги геологиялык иштерди токтоткон. 2011-жылы 11-августта атайын комиссиянын чечими менен аталган компаниянын көмүр кенин иштетүү укугу жокко чыгарылган болчу.

Бул боюнча тиешелүү корутундуга комиссия мүчөлөрү толугу менен кол койушкан. Бирок ошол эле жылы 2-декабрда Бишкек райондор аралык сотунун чечими менен анын лицензиясы калыбына келтирилип, дагы төрт жылга узартылган. Ал эми өкмөттүн өкүлчүлүгү соттун чечимин жогорку соттук инстанцияга дааттанган эмес. Мына ошондуктан Өмүрбек Текебаев ага өкмөттүк деңгээлде кийлигишүү болгон деп шектенет:

- Өзгөндөгү мына ошол көмүр кени Бакиевдерге иштеген фирмага жөндөн-жөн эле кайтарылып берилген. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ал үчүн биздин ошол кездеги ири аткаминерлер 5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө пара алышкан. Бул кокос-көмүрү өтө баалуу. Аны мамлекет өзүнүн карамагына алып иштетсе деле өтө пайдалуу болмок. Бирок биздин өкмөт негедир андай кадамга барган жок. Бул жерде бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштеп бергени айдан-ачык. Мына ошол жагдайлар азыр терең иликтениш керек.

Кадрлар кайдан тандалат?

Кызыгы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен “Республика” партиясы эки жолку демилгеде тең башкаруучу коалициянын курамында болду. Бул аралыкта эки геология жана тоо-кен тармагы боюнча мамлекеттик тескөө органдарына жетекчини дайындоо аталган партиянын энчисине тийип турду. Башында партия Замирбек Эсенамановду жаратылыш ресурстары боюнча министри катары сунуштап, бирок ал жоюлуп, агенттик болгон соң анын ордуна Учкунбек Ташбаевди алып келди.

Ташбаев ага чейин экономикалык тескөө министринин милдетин аткарып турган. 2010-жылга чейин Максим Бакиев жетектеген инвестициялар жана өнүгүү боюнча борбордук агенттиктин орун басарлык кызматын аркалап, Ташбаев ал кездеги бийлик командасындагы белдүү топ-менеджерлердин бири катары сыпатталган. 7-апрель окуясынан кийин белгисиз болуп кетип, парламенттик шайлоодон кийин “Республика” партиясы менен кызматташа баштаган эле. Партиянын саясий кеңеши кандай себептер менен Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүнө кирген адамды тандаганы белгисиз.

"Республика” партиясынын лидерлеринин бири Руслан Казакбаев бул суроого штаб сөзсүз жооп берет деп убада кылып, бирок анысы аткарылган жок:

- Бул суроого тилекке каршы мен жооп бере албайм. Анткени ал кезде мен мамлекеттик кызматта болчумун. Ошондуктан партиянын ичиндеги мына ушуга окшогон маселелерди чечүүгө катышкан эмесмин. Мен бул боюнча партиянын штабындагыларга айтайын. Азыр алар сизге кайра чалып, тиешелүү компетенттүү адамдар бул боюнча талдап жообун беришет. Бул суроо чынында жакшы суроо экен.

Курманалиевден калган мурас

Тергөө органдары геология агенттигинин мурдагы жетекчиси Учкун Ташбаевге козголгон кылмыш иши менен 2010-жылга чейин Бакиев бийлигинин тушунда жер казынасын көзөмөлдөгөн министр Капар Курманалиевдин ишинин учугун бир жерден көрүшөт. Курманалиев 2006-жылдан баштап эле Максим Бакиев менен биргеликте кендерди иштетүү укугун бир колго топтоо схемасын иштеп чыккан болсо, 2011-жылдын аягынан баштап бул ишти Учкунбек Ташбаев уланта баштаганы боюнча документалдуу далилдер топтолгон. Тергөөчүлөр учурда 2010-жылга чейинки жана андан кийинки мезгилдеги кендерге ээлик кылуунун иштелип чыккан түз жана кыйыр жол-жоболорун иликтеп жатат.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев бул багыттагы эски жана жаңы жагдайлардын ортосундагы байланыштарды кылдат иликтөө зарылдыгы турганына токтолду:

- Капар Курманалиевге 2010-жылы эле иш козголгон. Ал качып жүрбөйбү. Мына ошонун эле схемасы бул жактан чыгып жатпайбы. Мына ошол лицензиялар кантип сатылган, анын шарттары кандайча аткарылган деген суроолорго жооп издеп жатабыз. Көп фирмалар инвесторбуз деп алып алышып, бирок аны Лондондогу биржадан кайра сатуу менен алек болушканы жашыруун эмес. Мына ушул эле багыттагы аракеттер токтотулсун дегенден кийин дагы кайра эле кайталанып жатканы байкалып калбадыбы.

Ошол эле кезде тоо-кен өнөр-жайчылар биримдиги 2010-жылы түзүлгөн убактылуу комиссиянын ишин кайрадан жандандырып, ал сунуш кылган жагдайларды бурмалаган фактылардын бетин ачууну көздөп жатат. Бул багытта ал уюм кен байлыктарды иштетүү укугун көмүскө сатууга жол бербөө үчүн коомдук уюмдар менен үзгүлтүксүз иш алып барууну өкмөткө сунуштады.
XS
SM
MD
LG