Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Бүгүн Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү


Буга байланыштуу бүгүн Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аял укугун коргоо боюнча иш-чара болот. “Аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту токтотобуз, аял укугу – адам укугу” деп аталган бул акциянын уюштуруучулары ар кандай түстөгү 19 300 желекче даярдашкан, алардын айтымында, ал желекчелердин ар бири түрдүү запкы тарткан аялды билдирет. 9 300 кызыл түстүү желекче ала качуунун курмандыктарын билдирсе, 2 миң ак желекче зордуктоого кабылган кыз-келиндерди, 7,5 миң сыя түстүү желекче үй-бүлөсүндө түрдүү зомбулуктарга туш болгон аялдарды билдирет.

Бул иш-чара Кыргызстанда жарыяланган адам укугунун 16 күндүгүнүн уландысы болуп саналат жана Тынчтык корпусу, "Фридом Хауз", БУУ жана ЮСАИД уюмдарынын көмөгү менен уюштурулууда.

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылдын дал ушул күнү Парижде Башкы Ассамблеянын жыйынында кабыл алынган. Быйылкы жылы аялдардын, жаштардын, түрдүү азчылыктардын, майыптардын, балдардын, жакырлардын жана эркинен ажыратылгандардын укуктарына басым жасалып, алардын үнүн коомчулукка жеткирүү жана саясий чечимдерди кабыл алууда эске алдыруу аракеттер көрүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG