Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Караколдо Арык мырзанын эстелигин орнотууга каршылар чыкты


Каракол шаарында Арык мырзанын эстелигин орнотууга каршы пикирлер айтылууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Лидер" деп аталган жергиликтүү коомдук бирикменин жетекчиси Банура Абдиева билдирди.

Анын айтымында, Каракол шаардык кеңешине чоң көчөлөрдүн кесилишиндеги айлампага Арык мырзанын эстелигин тургузуу сунушу түшкөн.

"Эгер андай болсо уруулар арасында чыр чыгышы мүмкүн. Ал жерде шаардын символикасы, Кыргызстандын туусу орнотулушу керек", - дейт Абдиева.

"Лидер" бирикмеси облустагы Тынчтык жана өнүгүү комитетинин мүчөсү болуп эсептелет.

Арык мырза - Ысык-Көл облусундагы белгилүү инсандардын бири болгон. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG