Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Өспүрүмдөрдү кыйноого каршы маселе талкууланууда


Бүгүн Бишкекте өспүрүмдөрдү кыйноого каршы маселе талкууланган жыйын өтүп жатат. Аны Эл аралык абак реформасы жана Жаштардын укук коргоо тобу уюмдары Британ өкмөтүнүн жардамы менен өткөрүүдө.

Мекемелердин коомдук байкоочу кеңештеринин мүчөлөрүнө тартип жана мыйзам бузган өспүрүмдөрдү жазалоонун катуу жолдору, аларды кыйноону токтотуу тууралуу эл аралык адистер айтып берип жатат.

Көз каранды эмес эксперттердин айтымында, өспүрүмдөрдү кыйноого алуу тууралуу расмий статистика жок болгону менен алар милицияга түшүп калганда, эркинен ажыраганда жана балдар үйлөрүндө, интернаттарда тартип бузган учурда кыйноонун түрдүү формаларына көп кабылат.

Ошол эле учурда мыйзам бузуп, колонияга түшкөн өспүрүмдөрдүн саны соңку беш жыл ичинде 51ден 28ге төмөндөгөнү айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG