Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Евробиримдик Банктарды көзөмөлдөө келишимине жетишти


Европа биримдигинин каржы министрлери 2014-жылдан тартып, евро аймактагы банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Брюсселдеги салтанаттын алдында тараптар бир нече ай талкуу жүргүздү, кечээ башталган жыйын 14 саатка созулду. Макулдашууга ылайык, Европалык Борбордук банк аймактагы эң ири банктардын аз дегенде 150сүн түздөн-түз көзөмөлдөп турмакчы.

Келишим Европарламент жактыргандан кийин, 2014-жылы 1-мартта күчүнө кирет. Соңку глобалдык кризис банктардын жоопкерчиликсиздигинен улам башталып, бирок алардын ишмердүүлүгү жетиштүү көзөмөлдөнбөй жаткандыгы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG