Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Украинада президент көрсөткөн талапкер премьерликке шайланды


Президент Виктор Януковичтин талапкери Микола Азаровду 450 орундуу парламенттеги депутаттардын 252си колдоду. Түрмөдөгү экс-премьер Юлия Тимошенконун Баткившина же Эркиндик партиясы, улутчул Свобода жана боксчу чемпион Виталий Кличконун УДАР партиялары добуш берүүгө катышкан жок. 64 жаштагы Азаров Янукович 2010-жылы президент болуп шайлангандан кийин өкмөт башына келген. Бүгүнкү добуш берүүнүн алдында парламентте оппозициячыл депутаттар менен бийлик партиясынан шайланган эл өкүлдөрү мушташып кеткен эле. Бийликтеги Региондор партиясы 28-октябрдагы шайлоодо бир катар мандаттарынан ажырап, бирок парламенттеги көпчүлүк макамын сактап калган.

XS
SM
MD
LG