Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Орусиялык аткаминер Башар Асад бийлигин жоготту деп эсептейт


Бул орусиялык жогорку даражадагы аткаминер тарабынан айтылган алгачкы пикир. Орусия Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов кечээ Сириянын президенти Башар Асад өлкөдө бийлигин жоготту, ал төңкөрүшчүлөр тарабынан бийликтен куулушу мүмкүн деп айтты. Ал ошондой эле Асаддын миңдеген тарапкерлерин эвакуациялоо зарылдыгын да билдирди, Богданов төңкөрүшчүлөрдүн жеңиши он миңдеген адам өмүрүнүнүн эсебинен болот деп эсептейт.

Орусия Сирия чатагын сүйлөшүү жолу менен чечүү позициясын 20 айдан бери карманып келе жаткан. БУУнун Коопсуздук кеңешинде ага Кытай да кошулуп, Асаддын кандуу режимин кулатуу резолюцияларына каршы чыккан.

Батыш өлкөлөрү Сириянын президенти Башар Асадга бийликтен кет деп бир нече жолу кайрылышкан. Шаршемби күнү 120дан ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жаңы түзүлгөн Сирия улуттук коалициясын Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп тааныган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG