Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Хьюман Райтс Вотч: Иранда репрессия жүрүп жатат


Адам укугун коргоочу бул уюм жаңы жарыялаган отчетунда Иранда 2009-жылы Махмуд Ахмадинежад кайра президент болуп шайланганын сынга алган активисттер куугунтукка алынып жатканын айтып чыкты. Отчетто алар сотсуз өлтүрүүлөргө, кыйноолорго, негизсиз камоолорго туш болуп жатканы айтылат.
Хьюман райтс уотч Улуттар уюмуна шилтеме кылып берген маалыматы боюнча Ирандан 2009-жылы 11500 киши чет мамлекеттерден саясий башпаанек сураган болсо, 2011-жылы алардын саны 18 миңге жеткен. Хьюман райтс уотч Ирак менен Түркиянын жетекчилеринен ирандык качкындарга башпаанек берүү маселесин эртерээк чечип берүүнү сурады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG