Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Өспүрүмдөрдү кыйноо боюнча эки жылда эки арыз түшкөн


Кыргызстанда соңку эки жылда өспүрүмдөрдүн кыйноого кабылышына байланыштуу эки арыз түшкөн. Бул тууралуу Жаштардын укук коргоо тобу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйында билдирди. Бирок аталган уюмдун пикиринде арыз-даттануулар расмий катталбаганы менен өлкөдө өспүрүмдөрдүн түрдүү кыйноолорго кабылышы өтө көп кездешет.

Бүгүн Бишкекте өспүрүмдөрдү кыйноого каршы маселе талкууланган жыйын жыйынтыкталып жатат. Аны Эл аралык абак реформасы жана Жаштардын укук коргоо тобу уюмдары Британ өкмөтүнүн жардамы менен өткөрүүдө.

Мекемелердин коомдук байкоочу кеңештеринин мүчөлөрүнө тартип жана мыйзам бузган өспүрүмдөрдү жазалоонун катуу жолдору, аларды кыйноону токтотуу тууралуу эл аралык адистер айтып берип жатат.

Көз каранды эмес эксперттердин айтымында, өспүрүмдөрдү кыйноого алуу тууралуу расмий статистика жок болгону менен алар милицияга түшүп калганда, эркинен ажыраганда жана балдар үйлөрүндө, интернаттарда тартип бузган учурда кыйноонун түрдүү формаларына көп кабылат.

Ошол эле учурда мыйзам бузуп, колонияга түшкөн өспүрүмдөрдүн саны соңку беш жыл ичинде 51ден 28ге төмөндөгөнү айтылууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG