Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Ош милициясына алгачкы жолу ири партияда унаа берилди


Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ИИМ тарабынан 16 даана жеңил унаа берилди. Мындай ири партияда машинелер башкармалык түзүлгөндөн бери алгачкы жолу келип жатканын ШИИБнын башчысы Сүйүн Өмүрзаков «Азаттыкка» айтты. Буга чейин унаа тартыштыгы башкармалыкта иштин ыкчам жүрүшүнө терс таасир тийгизип келген.

Беш даана «Nissan» үлгүсүнөгү машине Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнө, он даана «Ваз 2107» унаасы Кайгуул-күзөт кызматына жана бир даана «Ваз 2107» машинеси Ыкчам отряддын кызматкерлерине бүгүн тапшырылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2003-жылы түзүлгөн. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG