Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

HRW: Ахмединежад жарандык коомго кысымды күчөтүүдө


Махмуд Ахмединежад 2009-жылы экинчи мөөнөт президент шайлангандан тарта Иранда жарандык коомду “кысмакка алуу өнөкөтү” күчөгөн. Эл аралык Хьюман Райтс Уочт уюму жума күнү жарыялаган докладда саясий оппозицияны, адам укугун коргоочуларды, журналисттерди куугунтуктоо Ахмединежаддын шайлоодогу жеңиши жарыяланган соң чыккан массалык толкундоолорго удаа эле башталганы белгиленет. Жарандык коом өкүлдөрүн “сотко жеткирбей өлтүрүү, кыйноо, негизсиз камакка алуу, абакта кармоо жана сөз эркиндигин бузуу” кеңири жайылганы, тыш өлкөлөрдөн баш паанек издеген ирандыктардын көбөйгөнү да көрсөтүлөт докладда. Эгер 2009-жылы 11, 5 миң ирандык баш паанек сураса, 2011-жылы андай жарандардын саны 18 миңге жеткен. Хьюман Райтс Уочтун билдиришинче, ирандыктар көбүн эсе Ирак Күртстанга жана Түркияга баш паанек издеп качышат.

XS
SM
MD
LG