Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Египетте Конституция боюнча референдум өтүп жатат


Колуна сыя бастырган шайлоочулардын бири. Каир, 15-декабрь.
Колуна сыя бастырган шайлоочулардын бири. Каир, 15-декабрь.
Президент Мохаммед Мурси жана анын исламчыл жактоочулары Баш мыйзамдын референдумга коюлган долбоору өлкөнү демократияга жакындатарын белгилешүүдө. Долбоордун сынчылары, анын ичинде либералдар, секуляристтер, христиандар Баш мыйзам абдан эле исламчыл мүнөздө жазылганын жана адам укуктарына көлөкө түшүрөрүн айтып жатышат.

Референдум бүгүн өлкөнүн 10 провинциясында, анын ичинде Каир жана Александрия шаарларында өтүп, 26 миллиондон ашуун шайлоочуну камтышы керек. Ал эми калган 25 миллион шайлоочу келерки жумада добуш берет.

Кечээ Александрия шаарында президент Мурсинин жактоочулары жана каршыларыштары бычак, кылыч колдонуп кагылышты.

Жаңы Конституциянын долбоору президент Мурсинин өз бийлик укугун кеңейткен жардыгы өлкөдө мурдагы президент Хосни Мубарак кулатылгандан берки эң ири саясий кризисти жараткандан кийин коюлду. (UE)

XS
SM
MD
LG