Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Орус оппозициясы Москва менен Санкт-Петербургда көчөгө чыгууда


Лубянск аянтына келген оппозиция активисттери. 15-декабрь, 2012-жыл.
Лубянск аянтына келген оппозиция активисттери. 15-декабрь, 2012-жыл.
Оппозициячыл топтордун билдиришкенине караганда, алар Москвадагы нааразылык акциясын шаар бийликтери уруксат бербегенине карабай өткөрүшмөкчү. “Азаттыктын” орус кызматынынын кабарына караганда, Москвада оппозиция лидерлери жана жактоочулары борбордогу Лубянск аянтына жыйнала баштаганда эле, лидерлерден Сергей Удальцовду, Ксения Собчакты, Илья Яшинди полиция кармап кетти. Москвада оппозициянын бүгүнкү демонстрацмясына байланыштуу коопсуздук чаралар күчөтүлгөн.

Ал эми Санкт-Петербургдагы митингге шаар бийликтеринен уруксат алынган. Орусиянын оппозициячыл топтору президенттикке Владимир Путин кайра шайлангандан бери алардын ишмердигине кысым күчөгөнүн айтып келе жатышат.

Бүгүнкүгө мерчемделген нааразылык акцияларын утурлай бийлик оппозициянын көрүнүктүү ишмерлеринин биринин үстүнөн жаңы кылмыш иши ачылганын жарыялады.

Прокурорлор Алексей Навальныйды жана анын бир тууганын соода компаниясы аркылуу 1,8 миллион долларды уурдаган деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG