Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Москва менен Санкт-Петербургда оппозициячыл демонстранттар кармалды


Полиция Лубянск аянтындагы демонстранттарды кармап жатат. 15-декабрь, 2012-жыл.
Полиция Лубянск аянтындагы демонстранттарды кармап жатат. 15-декабрь, 2012-жыл.
Полиция Москванын борбордук бөлүгүндө, ФСБнын баш кеңсеси алдындагы Лубянск аянтына чогулган демонстранттарды кармап баштады. Ал жерге келгендер ак лента байланып, саясий ураандарды көтөрүү менен президент Путинге каршы саясий чакырыктарды айтып жатышкан эле.

Орусия борборунун полициясы ошондой эле аталган аянтта, совет доорундагы ГУЛАГдын курмандыктарына арналган эстеликтин айланасына адамдар көбүрөөк жыйналышына жол берген жок. Чогулгандар нааразылыктын белгиси катары бүгүн ал эстеликке гүлчамбарларды койо башташкан.

Мурдараак оппозициячыл лидерлер Москванын тургундарын шаар бийлиги уруксат бербеген тынч нааразылык акциясына келүүгө үндөшкөн эле.

“Азаттыкттын” орус кызматынынын кабарына караганда, Москвада оппозиция лидерлери жана жактоочулары Лубянск аянтына жыйнала баштаганда эле, лидерлерден Алексей Навальныйды, Сергей Удальцовду, Ксения Собчакты, Илья Яшинди полиция кармап кетти.

Полициянын айтымында, аларга эми уруксат берилбеген нааразылык акциясын уюштурган деген айып коюлушу мүмкүн. Орусиянын жаңы мыйзамына ылайык, мындай аракетке баргандарга катуу жаза каралган.

Москвада оппозициянын бүгүнкү демонстрациясына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн болчу.

Оппозиция лидерлеринин бири Сергей Удальцов кармалганга чейин мындай деген эле:

Лубянск аянтына чогулган демонстранттар.
Лубянск аянтына чогулган демонстранттар.
- Менимче, миңдеген адам болот. Азыр санасак эле миң адам бар. Андыктан бизге тыюу салууга, бизди коркутууга болбойт. Эч кимге көчөгө чыгууга тыюу салынган эмес.

Полициянын эсебинде, Лубянск аянтында 700дөй киши, анын ичинде 300дөй журналист жыйналды. Көз карандысыз булактардын айтымында, 2000дей киши келди.



Бүгүнкү демонстрация Орусияда былтыркы талаштуу парламенттик шайлоодон кийин тутанган ири нааразылыктардын бир жылдыгына байланыштуу уюштурулган.

Өлкөнүн экинчи борбору Санкт-Петербургда оппоизициянын шаар бийлигинен уруксат алынган нааразылык акциясында, кабарларга караганда, 26 киши кармалды.

Кышкы ызгаарга карабай чакан жана тынч мүнөздөгү демонстрациялар Екатеринбург, Самара, Пермь жана башка шаараларда да болду. (UE)

XS
SM
MD
LG