Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:36

БШК Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын бекитти


Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешке 25-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Комиссиянын мүчөсү Жеңиш Акматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Социал-демократтар партиясы 21 депутаттык мандатка, “Республика” 11 мандатка, “Ата-Мекен” 7 жана “Замандаш-Современник” партиясы 6 мандатка ээ болду.

Республика боюнча 400дөн ашык айылдык округдун басымдуу бөлүгүндө депутаттык мандаттар бөлүштүрүлдү. Олуттуу мыйзам бузуулардан улам 15 айылдык округда кайра шайлоо өткөрүлмөй болду. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG