Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Лейлекте кең компаниясына айып пул салынды


Лейлек районунун Катраң аймагында кен иликтеген компанияга экологияга зыян келтиргени үчүн 1,6 миллион сом айып пул салынды. Мындай маалыматты Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев компанияга нааразы болгон катраңдыктар менен өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин Лейлектеги жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, A.Z international компаниясы Катраң айылына жакын жерде Өзгөрүш жайлоосунда алтын кенин иликтөө үчүн 800 гектар жерге уруксат алган. Жер кыртышын бузуу учурунда талаптар сакталбай, 195 даана арча уруксаты жок кыйылган.

19-ноябрда Катраң айылыны тургундары алтын кенин иликтеген компаниянын ишин токтотуу үчүн нараазычылыкка чыгып, жол тосушкан. Натыйжада 3 багытта өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 14-декабрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Лейлек районунда нааразы тургундар жана инвесторлор менен жолугуп, бир канча шарттар менен эки тарапты ымалага келтирген. (JsA)

XS
SM
MD
LG