Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Бишкек жылуулук борбору мазут жагууга өттү


Газ берүү үзгүлтүккө учурагандыктан Бишкек шаардык жылуулук электр борбору көмүрдү күйгүзүү үчүн мазутту колдоно баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, азыр Бишкек ТЭЦинде көмүр менен мазуттун кору жетиштүү. Ысык суу жана жылуулук берүү иши кадимкидей уланууда.

Бишкек шаардык газ чарба башкармалыгы Өзбекстандан Казакстан аркылуу келген газдын басымы азайганын, буга суук себеп болгонун билдирүүдө. Мындан тышкары абанын температурасы төмөндөп, шаар тургундары белгиленгенден көбүрөөк газ керектеп жатышат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG