Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Орусиядан 20 миң тонна буудай келет


Бүгүндөн тарта Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары убада кылган 20 миң тонна буудай алып келине баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Жумабек Асылбеков билдирди. Анын айтымында, 20 миң тонна буудайды алуу боюнча келишимге өткөн жумада Москвада кол коюлган.

Муну менен катар Орусиядан 80 миң тонна буудай келишимдик баага ылайык жаңы жылдан тарта алып келинет.

Министрлик өкүлдөрүнүн айтымында, Казакстандан мурда макулдашылган 200 миң тонна буудайды алуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Тараптар буудай баасы боюнча келише албай жатат. Казакстан буудайды базар баасында берүүгө макул, Кыргызстан болсо андан арзан алгысы келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG