Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Сириянын вице-президенти Асаддын жеңишинен күмөн санады


Сириянын вице-президенти Фарук аль-Шараа Ливандын «Акбар» аттуу гезитине берген маегинде бул согуш президент Асаддын да, оппозициядагы козголоңчулардын армиясына да утуш алып келбей турганын моюнуна алды. Шараа өлкөдөгү абал күндөн күнгө оорлоп бара жатканын белгилеп, жарандык согушту токтотуу үчүн улуттук биримдик өкмөтүн түзүү керектигин билдирген.

74 жаштагы Фарук аль-Шараа президент Башар Асаддын атасы Хафез Асад өлкөнү жетектеп тургандан бери эле өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлеп келет. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давудоглу октябрда Шарааны Сириядагы өткөөл өкмөттү жетектөөгө татыктуу талапкер деп атаган.

XS
SM
MD
LG