Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Тоң районунда мектепти өрт чалды


Бүгүн таңкы саат үчтө Тоң районунун Көк-Мойнок-2 айылындагы мектепти өрт чалды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрттү таңкы саат жетилерге чукул курчоого алууга мүмкүн болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мектептин 675 чарчы метр аянты өрттөнүп кетти. Жабыркагандар болгон жок. Учурда кырсыктын себеби такталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG