Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Бишкекте жер үйлөргө газ берилбей калды


Бишкекте көгүлтүр от менен жылый турган үйлөргө газ берүү токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык газ чарбасынын жетекчиси Таалайбек Далбаев билдирди. Анын айтымында, сууктан улам Өзбекстандан Казакстан аркылуу келе турган газдын көлөмү эки эсе азайды. Буга чейин саатына 20-25 миң куб метр газ келип турган болсо, азыр бул көрсөткүч 11 миң куб метрди гана түзүүдө. Мындан тышкары шаар тургундары суук күчөгөндөн бери көгүлтүр отту 2-3 эсе көбүрөөк керектей баштады. Мындан улам Бишкек шаардык газ чарбасы жер үй ээлерин газдын ордуна көмүр жагууга чакырууда.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн басымдуу бөлүгүнө газ кадимкидей берилип жатат. Шаар боюнча жети көп кабаттуу үйгө басым төмөндөп кеткендиктен газ толук жетпей жатат. Көгүлтүр оттун тартыштыгы кеминде бир жумага созулмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG