Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Өкмөт антикризистик программасын иштеп чыкты


Кыргыз өкмөтү кыштан чыгуунун жолдору камтылган антикризистик программасын иштеп чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

“Антикризистик программада кыштан калкты жана экономиканын тармактарын аман-эсен, жылуу-жумшак чыгаруунун жолдору каралган. Мындан тышкары азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бурулат”,-деди Мелис Эржигитов.

Бул күндөрү Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт ишке киришкенине жүз күн толуп жатат.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев алдыңкы беш жылда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча “жол картасын” жарыялаган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG