Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Таласта студент кыздарга жаңы жатакана ачылды


Талас мамлекеттик университетинин студент кыздары үчүн 40 орунду “Каныкей” жатаканасы ачылды. Аталган окуу жайдын кароосуз турган бир корпусун “Ыйык Ата-Журт” коомдук кору он жылга ижарага алып, оңдоп түзөгөн. Фонддун төрагасы Шекербек Нышановдун “Азаттыкка” билдиришинче, жатакананы оңдоого кеминде 2,5 миллион сом сарпталды. Мында жашаган кыздар айына 1500 сом төлөп, күнүнө 2 маал, дем алыш күндөрү 3 маал тамак менен камсыз болушат. (MbA)

XS
SM
MD
LG