Мончо, сауна өңдүү көңүл ачуучу борборлорго электр энергиясын берүү токтотулат. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн журналисттерге билдирди. Мындай чарага көпчүлүк көңүл ачуучу борборлордун электр энергиясы менен жылыганы, сууктан улам калктын керектөөсү чектен ашканы себеп болууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министрдин мындай буйругу тиешелүү органдарга берилгенин кабарлады.
“Улуттук электр станциялары” ишканасы электр энергиясы нормадан көп керектелип жаткандыктан шаарда өчүрүүлөр башталганын билдирди. (KKs)
“Улуттук электр станциялары” ишканасы электр энергиясы нормадан көп керектелип жаткандыктан шаарда өчүрүүлөр башталганын билдирди. (KKs)