Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Мамыров: Электр станцияларына күч келүүдө


Кыргызстанда соңку бир суткада 64 миллион кВт/саат электр энергиясы сарпталды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Райымбек Мамыров Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 5 миллион кВт/саатка, жай мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көптүк кылат. Райымбек Мамыров электр энергиясын керектөө чектен ашкандыктан подстанцияларга күч келип, авариялык өчүрүүлөр болуп жатканын билдирди. “Түндүк электр” ишканасынын маалыматы боюнча, Бишкек шаары белгиленген нормадан 4 миллион кВт/саатка көбүрөөк электр энергиясын сарптап жатат. (EBM/KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG