Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Обама АКШда курал пайдалануу маданиятын өзгөртүүгө чакырды


АКШ президенти Коннектикут штатындагы Ньютаун шаарындагы мектептеги жума күнкү кыргында өлгөндөрдү эскерген аза күтүү зыяпатына барды. 20 жаштагы Адам Ланза 26 адамды, анын ичинде алты-жети жаш курактагы 20 баланы атып сылган. Бул окуу жайлардагы акыркы жалдардагы төртүнчү кыргын экенин белгилеген Барак Обама балдарды коргоо үчүн Кошмо Штаттар курал сатуунун маданиятын өзгөртүш керек деди:

- Биз буга мындан ары чыдабайбыз. Мындай трагедиялар болбош керек. Аны токтотуу үчүн биз өзгөрүшүбүз керек.

Жекшемби күнү АКШ лидери балдарын жоготкон ата-энелер менен расмий эмес жагдайда кездешти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG