Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Бүгүн НАСАнын спутниктери Айдагы миссиясын аяктайт


АКШнын космостук агенттиги – НАСАнын Ebb жана Flow деген эки кемеси өз миссиясын аяктап, бүгүн Айдын түндүк уюлундагы тоого кулап түшөт. Спутниктерди "кондурууну" НАСА Жерден башкарып турат. Айдын кыртышын жана жаралуу тарыхын изилдеген эки спутник былтыр сентябрда Жерден учурулуп, Айдын орбитасында бир жылдан бери учуп жүргөн. Кир жуугуч машиненин көлөмүндөгү эки кеменин Айдын бетине кондурар мезгилдеги ылдамдыгы секундасына 1, 7 чакырым болот.
.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG