Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

АКШ куралдуу кан төгүүгө каршы атайын планы жок экенин билдирди


Жекшембиде АКШнын президенти Барак Обама Ньютаун шаарындагы мектептеги кыргындан мерт кеткендерди эскерген аза күтүү зыяратына барып, мындай кан төгүүлөргө чекит коюу зарылдыгын белгилеп, курал колдонуунун жол-жоболорун кайра карап чыгууга чакырган. Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни куралдуу кол салууларга бөгөт коюу оор маселе экенин айтып, курал-жарак жөнүндө мыйзамды өзгөртүү менен эле иш бүтпөөрүн билдирди.

Ал арада Сэнди Хук мектебиндеги кыргында мерт кеткен 6 жаштагы эки баланын сөөгү жерге берилди.

Жума күнү Ньютаун шаарында Сэнди Хук мектебинде 20 жаштагы Адам Ланза 26 адамды, анын ичинде алты-жети жаш курактагы 20 баланы атып салган. Полициянын маалыматында, Ланза курал менен мектепке келгенге чейин өз үйүндө энесин атып өлтүргөн. Мектептеги кыргындан кийин өз жанын өзү кыйган.

XS
SM
MD
LG