Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Президент өкмөткө энергетикадагы маселелерди тезинен чечүүнү буйруду


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев кечээ кечинде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди кабыл алганда айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев өкмөт башчыга өлкөдөгү энергетикалык кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн ички мүмкүнчүлүктөрдү караштырууга тапшырды. Ошондой эле өлкө башчы энерго компаниялар менен жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүүнү белгиледи.

Жантөрө Сатыбалдиевдин президентке маалымдашынча, учурда коңшу өлкөлөр менен газ алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эки күндөн бери Кыргызстанда сууктан улам Өзбекстандан Казакстан аркылуу келе турган газдын көлөмү эки эсе азайды.Мындан улам Бишкекте жана анын жака-белиндеги жер тамдардын баарына көгүлтүр от берүү токтоду. Катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө үч эсеге өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйүүдө. Кыргыз өкмөтү абалдан чыгуу үчүн Бишкекте көнүл ачуучу жайларда, мончо, сауналарда электр энергиясын берүүнү убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алды.

XS
SM
MD
LG